АКШ коопсуздук маселесинен улам Улуу Британиядагы Фэйрфорд авиабазасында жайгашкан бардык B-1 бомбалоочу учактарнын чыгарып кетти. Бул тууралуу The Wall Street Journal америкалык расмий өкүлдөргө таянып жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, мындай чечим авиабазага болжолдуу чабуул даярдоого байланышы бар деп шектелген беш адам кармалгандан бир жума өткөндөн кийин кабыл алынган. Бул окуя Иран менен байланыштырылууда. Бирок Тегеран мындай кутумга тиешеси бар экенин четке какты.
АКШнын Коргоо министрлиги Британиядагы авиабазага жайгаштырылган бардык бомбалоочу учактар АКШга кайтарылганын тастыктады. Пентагондун маалыматына караганда, учактар АКШнын аймагынан сокку урууга даяр бойдон калууда.
Улуу Британиянын Коргоо министрлиги азырынча бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
27-сентябрда британ полициясы Глостерширдеги авиабазанын жанында үч «шектүү унаа» турганы тууралуу маалымат алган. Андан кийин базага болжолдуу чабуул жасоого байланышы бар деп шектелген беш адам кармалган.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп шектүүлөр авиабазага олуттуу зыян келтирүүнү көздөшкөнүн билдирген. Ал эми Ирандын Лондондогу элчилиги Ислам Республикасынын бул окуяга тиешеси бар деген айыптоолорду четке каккан. Дипломатиялык өкүлчүлүк окуяны Иран менен байланыштыруу аракеттери Улуу Британияда Иранга каршы маанайды күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгилеген.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Фэйрфорд авиабазасы АКШнын Европадагы бомбалоочу учактары үчүн негизги базалардын бири болгон. Ал жерден B-1 жана B-52 бомбалоочу учактары Иранга каршы операцияларды жүргүзүү үчүн активдүү пайдаланылган. Март айында Британиянын бийликтери АКШга Иранга каршы чабуулдар үчүн ал базаны колдонууга уруксат берген.
Кагылышуунун активдүү этабында АКШ Фэйрфорд авиабазасына 20га жакын B-1 жана B-52 бомбалоочу учагын жайгаштырган.