Үй Редактордун тандоосуПезешкиан: МАГАТЭнин инспекторлору келип кеткенден кийин өзөктүк борборлорубуз аныкталып, сокку урулган

Пезешкиан: МАГАТЭнин инспекторлору келип кеткенден кийин өзөктүк борборлорубуз аныкталып, сокку урулган

by Kanykey

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу текшерүүлөргө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекторлору Иранга келип кеткенден кийин өлкөнүн өзөктүк объектилери соккуга кабылганын белгиледи.

«Биз өлкөнүн өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу сүйлөшүүлөргө жана текшерүүлөргө даярбыз. Бирок көйгөй, МАГАТЭнин инспекторлору Иранга келген сайын биздин өзөктүк борборлор жана окумуштуулар аныкталып, андан кийин объектилер бомбаланып, окумуштуулар өлтүрүлүп жаткандыгында», — деди Пезешкиан. Анын сөздөрүн президенттин басма сөз кызматы таратты.

Ирандын президенти бул билдирүүнү Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоянды кабыл алуу учурунда жасады.

АКШ менен Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулдарынан кийин МАГАТЭнин Ирандагы толук кандуу ишмердүүлүгү токтотулган. Кийин Тегеран уюм менен кызматташууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Инспекторлор коопсуздук максатында чыгарылып, өзөктүк объектилерге кирүү мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген.

Буга чейин Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин мүчөсү Вахид Ахмади Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекцияларын кайра баштоо Ирандын өзөктүк объектилери менен окумуштууларынын коопсуздугу камсыз кылынганын тастыктаган расмий билдирүү агенттик тарабынан жасалгандан кийин гана мүмкүн болорун билдирген.