Үй КАБАРЛАРОоганстан бардык өлкөлөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт

Ооганстан бардык өлкөлөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт

by Kanykey

Ооганстан бардык мамлекеттер менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Ошондой эле өлкө саясий жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурууну каалайт. Бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки билдирди.

«Ооганстан Ислам Эмираты экономикага багытталган саясат жүргүзөт жана бардык мамлекеттер менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалайт. Мындан тышкары, маданий, саясий жана башка мамилелерди да өнүктүрүүгө кызыкдар», — деди ал Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын сегизинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча.

5-октябрда Москва шаарында Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын (МФК) сегизинчи жыйыны өтүүдө. Ага Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары катышууда.

Жыйынга конок катары Беларустун жана Египеттин делегациялары да чакырылган. Ооганстан боюнча Москва форматындагы консультациялардын биринчи жыйыны 2017-жылы өткөн.