АКШнын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин Борбор Азияга сапары жана «C5+1» форматы Вашингтондун аймактагы чыныгы максаттары тууралуу барган сайын көбүрөөк суроолорду жаратууда. Расмий түрдө Ак үй экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, аймактагы трансформацияга көмөктөшүү жана Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө ниетин билдирүүдө. Бирок катуу айтылган билдирүүлөрдүн артында АКШнын өзүнүн милдеттерин чечүүгө багытталган так прагматизм көрүнүп турат. Анын ичинде аскердик-өнөр жай комплексин маанилүү минералдар менен камсыз кылуу жана өтө кымбат келишимдерди таңуулоо сыяктуу максаттар бар.
Вашингтон Орусия менен Кытайды аймактан сүрүп чыгара алабы, Борбор Азия өлкөлөрү АКШнын жогорку жетекчилигине жетүү мүмкүнчүлүгү үчүн кандай баа төлөп жатышат жана Ак үйдүн кепилдиктерине сокур ишенүү эмнеге алып келиши мүмкүн — ушул жана башка суроолор боюнча Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун (ИМЭМО) Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин эксклюзивдүү маегинде айтып берди.
— АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн Россияга параллелдүү импортту көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экинчи даражадагы санкцияларды сактоону ачык талап кылып жатат. Россия, Кытай жана Иран менен экономикалык байланыштары тыгыз болгонун эске алганда, аймак үчүн бул талаптарды аткаруу канчалык реалдуу?

— Мисалы, Казакстанды алып карасак, Астана учурда параллелдүү импортту көзөмөлдөө чараларын кыйла күчөттү. Бул, анын ичинде, бажыны жөнгө салуу процессин көзөмөлдөө үчүн америкалык жабдууларды технологиялык жактан колдонууга кошулуу аркылуу ишке ашууда. Натыйжада Казакстандагы товар агымдарынын бир бөлүгү же башка багытка бурулуп жатат, же болбосо олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда.
Ошол эле учурда санкциялар менен коркутуу — бул толугу менен деструктивдүү инструмент экенин түшүнүү керек: Америка Кошмо Штаттары чектөөлөр менен коркута алат, бирок ага ылайыктуу альтернатива сунуштай албайт. Ошондуктан аймактагы өлкөлөр, анын ичинде Казакстан, тең салмакты сактоого аракет кылып жатышат: санкциялык талаптардын бир бөлүгү аткарылууда, ал эми айрымдары аткарылбай жатат. Бул жөнөкөй эле социалдык-экономикалык туруктуулук жана аймактын өзүнүн жашап кетүүсү маселеси.
— Кытайдын жана Орусиянын «Түндүк — Түштүк» коридору же «Бир алкак, бир жол» демилгеси сыяктуу инфраструктуралык долбоорлордо негизги ролду аткарып жатканын эске алганда, АКШ Борбор Азиядагы алардын таасирин кантип «жылдырууну» пландап жатат?
—— Учурда Ак үй саясий диалогду күчөтүүгө жана АКШ президентинин Борбор Азия лидерлерине карата болуп көрбөгөндөй деңгээлдеги ачыктыгына басым жасоодо. Тарыхта Борбор Азия менен АКШнын мамилелеринде жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын мынчалык көп болгон учурлары эч качан болгон эмес.
Бирок Ак үйдүн башчысына үзгүлтүксүз жетүү мүмкүнчүлүгү үчүн америкалык саясат аймактан олуттуу салымдарды талап кылууда:
- Казакстан америкалык тракторлорду жана тепловоздорду сатып алууда;
- Өзбекстан Boeing компаниясынын учактарын жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюуда;
- Аймактагы өлкөлөр америкалык компанияларга стратегиялык маанилүү минералдар жайгашкан кендерге кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
— Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө Москва, Пекин жана Тегеран менен кызматташууга толук кандуу экономикалык жана логистикалык альтернатива сунуштай алабы?
— Бардык жарыяланган долбоорлор — америкалык техникаларды сатып алуу боюнча да, кендерди өздөштүрүү боюнча да — ишке ашат деп элестетсек да (бул азырынча такыр эле кепилденген эмес), күчтөрдүн тең салмактуулугу түп-тамырынан өзгөрбөйт.
Катышуунун масштабын салыштырууга да болбойт:
- Россиянын Борбор Азия менен соода жүгүртүүсү: 50 миллиард доллардан ашык;
- Кытайдын Борбор Азия менен соода жүгүртүүсү: 100 миллиард доллардан ашык;
- АКШнын Борбор Азия менен соода жүгүртүүсү: болгону 5 миллиард доллардай.
Мисал катары Казакстандын Караганда облусундагы вольфрам кендерин алалы. Аларды Дональд Трамптын үй-бүлөсү менен байланышы бар америкалык компаниялар өздөштүрүүнү пландап жатышат. Ал жердеги баштапкы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,5 миллиард долларды түзөт. Бул, албетте, олуттуу каражат, бирок Орусия менен Кытай тараптан агып келип жаткан ири инвестициялык жана логистикалык агымдар менен эч салыштырууга болбойт.
— АКШнын Борбор Азиянын ресурстарына дал азыр мынчалык кескин кызыгуусунун себеби эмнеде? Жүздөгөн америкалык ишкерлердин келиши жөнүндө айтылып жаткан инвестициялык долбоорлор узак мөөнөттүүбү же бул бошогон нишаны ээлеп калуу аракетиби?
— АКШ үчүн азыр маанилүү минералдар боюнча кырдаал абдан оор абалга жакындады. Америка Кошмо Штаттары узак убакыт бою өз аймагындагы сейрек кездешүүчү жана сейрек жер металлдарын өздөштүрүүгө каражат салган эмес жана толугу менен Кытайдан импорттоого таянып келген. Бүгүнкү күндө Вашингтондун бул тармакта Пекинге көз карандылыгы өтө критикалык деңгээлге жетти.
Ошол эле учурда АКШ Кытайга бажы төлөмдөрү жана саясий талаптар аркылуу басым жасоого аракет кылууда. Бул болсо Кытайга жооп иретинде күчтүү басым жасоочу рычагды берип жатат. Вашингтонго өзүнүн аскердик-өнөр жай комплексин жана жогорку технологиялуу тармактарын сейрек кездешүүчү металлдар — литий, уран, вольфрам жана башка ресурстар менен камсыз кылуунун көз карандысыз каналдарын түзүү турмуштук жактан зарыл болуп калды. Борбор Азияда мындай ресурстар бар — америкалыктардын өз жеткирүүлөрүн аймактын эсебинен тез арада диверсификациялоого умтулуп жатканынын себеби ушунда.
— Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө америкалык продукцияны сатып алууну жана алардын компанияларын тартууну активдүү сунуштап жатат. Мунун аймактын экономикасы үчүн узак мөөнөттүү кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
— Маселенин өзөгү дал ушул America First ыкмасында турат. АКШ эл аралык аренада өтө эле өзүмчүл саясат жүргүзөт. Буга чейин эле USAIDдин гуманитардык жана гранттык программалары, биринчи кезекте, бейөкмөт уюмдар аркылуу таасир көрсөтүү инструменттерин түзүүгө жана өздөрүнө лоялдуу элитаны калыптандырууга багытталган.
Прагматикалык көз караштан алганда, АКШга кандайдыр бир преференцияларды берүү Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз макроэкономикалык тобокелдиктерди алып келет:
- Америкалык техникаларды рыноктук эмес, жогорулатылган баалар менен сатып алуу улуттук бюджеттерге узак мөөнөттүү жүктөмдү жаратат.
- Кымбат учактарды, тепловоздорду жана тракторлорду тейлөөнүн жана аларды импорттоонун жогорку наркы айыл чарбасынан жана авиакаттамдардан тартып транзиттик логистикага чейинки жергиликтүү бизнестин кирешелүүлүгүн сөзсүз төмөндөтөт.
— Коңшу өлкөлөргө болгон көз карандылыкты азайтууга чакырып жаткан АКШ кризис жаралган учурда реалдуу коопсуздук кепилдиктерин же компенсацияларды бере алабы?
— АКШ өзүнүн учурдагы кызыкчылыктарына кичине эле карама-каршы келип калса, союздаштары үчүн эч качан дубал болуп турбайт. Вашингтондун мындай мамилесин тарыхтагы эки мисал абдан ачык көрсөтүп турат:
- Ооганстан (2021-жыл): Америкалык аскерлердин күтүүсүз жана шашылыш чыгарылып кетиши, бул чечимди аймактагы коңшу өлкөлөр менен кеңешпестен жана өнөктөштөрдүн позициясын эске албай кабыл алуу АКШ үчүн союздаштарынын кызыкчылыктары ар дайым экинчи орунда турарын көрсөттү.
- Перс булуңундагы өлкөлөр: АКШнын аскердик жардамына толугу менен таянган жана өз аймактарын америкалык аскер базалары үчүн берген Перс булуңундагы монархиялар Иран менен чыңалуу күчөгөн учурда жетиштүү кепилдиктерди алышкан эмес. Чыныгы кризис башталганда Вашингтон иш жүзүндө ага каршы тура алган да, жетиштүү кепилдик бере алган да жок.
Тажрыйба көрсөткөндөй, реалдуу коркунуч пайда болгон учурда АКШ өзүн четке тартат. Борбор Азия Орусиянын же Ирандын салттуу рынокторун жоготкон учурда Вашингтон кандайдыр бир компенсация берет деп ишенүү — кооптуу иллюзия.
Маектешкен Азиз Пиримкулов