Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери космос мейкиндигинде жарыша куралданууну алдын алуу боюнча практикалык кадамдарды колдоо тууралуу биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
КМШнын Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны 7-октябрда Түркмөнстандын «Аваза» улуттук туристтик аймагында өттү. Жыйынга Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов төрагалык кылды.
Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев катышты.
Жыйын тар жана кеңейтилген форматта өткөрүлдү. Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана КМШнын алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашышты.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер «Космос мейкиндигинде жарыша куралдануунун алдын алуу боюнча практикалык кадамдарды колдоо жөнүндө» биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.
Билдирүүдө Шериктештикке кирген өлкөлөр космос мейкиндигин изилдөө жана пайдалануу боюнча ишмердүүлүктү эл аралык кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында жүргүзүп жатканы белгиленет.
Туризм, спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтык
Кеңеш ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн туризм жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2027–2028-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алды.
Документте туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү укуктук жөнгө салууну жана сапат стандарттарын өркүндөтүү, туристтердин коопсуздугун жогорулатуу, инфраструктураны жана аймактар аралык туристтик маршруттарды өнүктүрүү, ошондой эле балдар, жаштар жана социалдык туризмди өнүктүрүү каралган.
Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2027-жылга карата көп деңгээлдүү консультациялардын планы бекитилди.
Анын негизги багыттарына КМШ мамлекеттеринин БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы позицияларын координациялоо, тышкы саясатты пландаштыруу, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, курал-жарактарды көзөмөлдөө жана куралсыздануу, маалыматтык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле көп тараптуу экономикалык дипломатия маселелери кирет.
Жыйындын катышуучулары ошондой эле 2027–2028-жылдарга жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык боюнча пландарды кабыл алышты.
КМШда эл аралык кинофестиваль уюштуруу пландалууда
Мындан тышкары, жыйында КМШ мамлекеттеринин «Шериктештик» аттуу Эл аралык кинофестивалы жөнүндө жобонун долбоору жактырылды.
Күтүлүп жаткандай, фестиваль Шериктештик өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясын жайылтууга, биргелешкен кинодолбоорлорду түзүүгө жана режиссёрлор, сценаристтер, актёрлор жана киностудиялар ортосундагы кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө аянтча болот.
Фестивалды расмий уюштуруу боюнча акыркы чечимди 2026-жылдын декабрында өтө турган КМШнын Өкмөт башчылары кеңешинин жыйынында кабыл алуу пландалууда.
2029-жыл КМШнын транспорттук байланыш жылы деп жарыяланышы мүмкүн
Тышкы иштер министрлери ошондой эле КМШнын Мамлекет башчылары кеңешинин жана Өкмөт башчылары кеңешинин кароосуна жөнөтүлө турган бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты.
Алардын арасында КМШнын түзүлгөнүнүн 35 жылдыгына байланыштуу билдирүүнүн долбоору, туризм жаатындагы кызматташтык боюнча документтер, 2029-жылды КМШнын транспорттук байланыш жылы деп жарыялоо сунушу, ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу бар.
Мындан тышкары, соттолгондорду жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү, коргонуу министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жаатындагы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле 2027–2035-жылдарга КМШнын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча документтердин долбоорлору жактырылды.
КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйынын 2027-жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүү пландалууда.