АКШнын Борбор Азиядагы кызыкчылыктары, Вашингтондун Орусия менен Кытайдын аймактагы таасирин сүрүп чыгаруу аракеттери, сейрек кездешүүчү металлдар үчүн атаандаштык жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык коопсуздугу — бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин бири. АКШ аймактагы мамлекеттерди Орусияга каршы санкциялардын аткарылышын күчөтүүгө чакырып, америкалык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулууда.
Бирок Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө салттуу өнөктөштөрү менен кызматташуунун ордуна толук кандуу экономикалык жана логистикалык альтернатива сунуштай алабы? Ал эми кризистик кырдаалдарда АКШнын колдоосуна канчалык ишенүүгө болот?
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт, америкатаануучу Дастан Токольдошев «Евразия Тудей» агенттигине берген маегинде ушул жана башка суроолорго жооп берип, АКШнын Борбор Азияга карата саясатынын өзгөчөлүктөрүн, Вашингтондун экономикалык кызыкчылыктарын жана аймактагы мамлекеттер үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди талдап берди.

— АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга параллелдүү импортко көзөмөлдү күчөтүүнү жана санкциялык чектөөлөрдү сактоону ачык талап кылууда. Аймактын Орусия, Кытай жана Иран менен тыгыз экономикалык байланыштарын эске алганда, бул талаптарды аткаруу канчалык реалдуу?
— Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхый салттуу өнөктөштөрү — Кремль жана Кытай менен болгон соода-экономикалык жана маданий байланыштары аймактагы республикалардын тышкы саясатынын стратегиялык багытын аныктоодо чындап эле чечүүчү ролду ойнойт. Ошондуктан аларга саясий байланыштарды жүргүзүүнүн жаңы эрежелерин таңуулоо аракеттери мындай талаптардын канчалык реалдуу экендиги боюнча суроолорду жаратат. Бул конфигурацияда Тегеран аталган гегемондордон бир аз артта турат. Бирок азыркы учурда Иран Борбор Азия үчүн, өзгөчө логистикалык кызматташтык жагынан, келечектүү өнөктөш катары көрүнүүдө.
Акыркы жылдары эл аралык мамилелердин көнүмүш моделдери активдүү өзгөрүп жаткан шартта, мындан он жыл мурда эле америкалык таасирин бекемдөө боюнча жигердүү иш алып барган көптөгөн аймактарда Вашингтондун таасири бир аз солгундады. Бул процессте АКШнын азыркы 47-президенти Дональд Трамп да олуттуу роль ойноду. Ал дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү бир катар америкалык өкмөттүк эмес уюмдардын ишин токтоткон. АКШнын азыркы бийлигинин Орусияга параллелдүү импортту болтурбоо боюнча чараларды күчөтүү талабын талкуулоодо эки маанилүү жагдайды белгилеп кетүү зарыл.
Биринчиден, АКШ экономикалык кризистерге карабастан, экономикасы өтө өнүккөн держава бойдон калууда. Ал Орусия, Кытай же Иран менен болгон өз ара карама-каршылыктарында үчүнчү өлкөлөргө таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул таасир ачык саясий тирешүү түрүндө да болушу мүмкүн. Мындай көрүнүш Иран, Куба жана Венесуэлага карата байкалган. Ал эми Трамп президенттик кызматка келгенге чейин Иракка, Ооганстанга жана башка көптөгөн өлкөлөргө карата да ушундай саясат жүргүзүлгөн. Ошондой эле АКШ кыйыр күрөш ыкмасын колдонуп, жазалоочу мүнөздөгү экономикалык жана соода чектөөлөрүн киргизиши мүмкүн.
АКШ экономикасынын көлөмү — азыркы эл аралык мамилелер системасындагы анын эң негизги артыкчылыгы. Азыркы учурда бул артыкчылык Ак үйдүн каршылаштарына олуттуу таасир көрсөтүп келет. Бирок жаңжалдарга улам тереңирээк аралашып, мунун натыйжасында өз экономикасына да олуттуу зыян келтирип жаткан өлкөнүн азыркы саясий элитасы бул мүмкүнчүлүгүн дагы канча убакытка чейин сактап кала алары белгисиз.
Жыйынтыктап айтканда, АКШнын талаптарын аткарууну талап кылышы анын азыркы тышкы саясий стратегиясынын өзгөчөлүктөрүн эске алганда мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андан тышкары, Вашингтондун Борбор Азия мамлекеттерине басым көрсөтүп, экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү аркылуу аларды өз талаптарын аткарууга мажбурлоо мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Бирок мындай ыкманын узак мөөнөттүү келечеги күмөндүү. Коркутуу аркылуу мажбурлоо ыкмасы анын ийгилигине болгон ишенимден көрө, көбүрөөк шектенүүнү жаратат. Бул маселеде Кремль менен Кытай Борбор Азияга географиялык жактан жакын жайгашканы менен гана айырмаланбайт. Алардын аймактагы республикалар менен чейрек кылымдан ашык убакыттан бери экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарда кеңири кызматташуу тажрыйбасы бар.
— Кытай менен Орусия инфраструктуралык долбоорлордо, анын ичинде «Түндүк — Түштүк» коридорунда жана «Бир алкак — бир жол» демилгесинде негизги ролду ойной турганын эске алганда, АКШ Борбор Азиядагы алардын таасирин кандай жолдор менен азайтууну пландап жатат?
— Эгер бул маселени гипотетикалык түрдө карап, өзүбүздү АКШ президентинин аткаруу аппаратынын өкүлдөрүнүн ордуна коюп көрсөк, суроого төмөнкүдөй жооп берүүгө болот: эгер АКШ чындап эле аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүүнү пландап жатса, анда Трампка чейинки президенттер колдонгон жол менен аракеттениши мүмкүн. Башкача айтканда, маданий программаларга, билим берүү жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкка, гранттарга жана ушул сыяктуу механизмдерге таянат.
Ушуга байланыштуу жогоруда сөз болгон Сорос фонду жана USAID сыяктуу түзүмдөрдүн ишин республикачылар толугу менен токтоткону канчалык максатка ылайыктуу болгон деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Анткени буга чейин эле кеңири тармакка ээ болгон коммерциялык эмес уюмдардын ишин улантуу логикалык жактан туура болмок. Бирок бул өзүнчө талдоону талап кылган маселе.
АКШнын Орусия менен Кытайдын күчтөрүнүн тең салмактуулугун кандайдыр бир деңгээлде өзгөртүү максатында Борбор Азияга кирүү үчүн башка кандай ыкмаларды колдоно аларын элестетүү өтө кыйын, айрыкча аймактагы беш республиканын тең Орусия жана Кытай менен стратегиялык кызматташтыгы мурдагыдан да бекемделгенин эске алганда, бул милдет Вашингтон үчүн оңой болбойт.
— Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө Москва, Пекин жана Тегеран менен кызматташуунун ордуна толук кандуу экономикалык жана логистикалык альтернатива сунуштай алабы? Же сүйлөшүүлөр талаптар жана экинчи даражадагы санкциялар боюнча коркутуулар менен гана чектелеби?
— Ак үйдүн Борбор Азиядагы аймактык өнөктөштөр менен көп жылдар бою калыптанган соода, логистика жана экономикалык кызматташтык механизмдерин алмаштыра алуу ыктымалдыгы жөнүндөгү маселе мындай мүмкүнчүлүктүн таптакыр жоктугуна барып такалат. Мунун негизги себеби — аймак үчүн логистикалык кызматташтыктын альтернативдүү жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнүн таптакыр жоктугу.
Борбор Азия логистикалык жактан Европага да, Перс булуңундагы монархияларга да, АКШнын башка экономикалык өнөктөштөрүнө да байланышкан эмес. Ал эми аймактын чыныгы географиялык жайгашуусу аны эбак эле Москва жана Пекин менен өтө тыгыз өз ара байланышта болууга шарттаган.
Албетте, АКШ Борбор Азияны авиациялык логистика аркылуу батыштык экономикалык жана логистикалык механизмдеринин экосистемасы менен байланыштырган, аба жүк ташууларынын кеңири тармакталган системаларын түзө алат деп ирония менен талкуулап коюуга болмок. Бирок бул да фантастикалык божомолдорду талкуулоого гана ылайыктуу өзүнчө тема.
— Америкалык компаниялардын жүздөн ашык өкүлүнүн келери ири инвестициялык долбоор катары көрсөтүлүүдө. АКШ бизнесинин аймактагы чыныгы кызыкчылыгы эмнеде? Кеп узак мөөнөттүү инвестициялар жөнүндө болуп жатабы же сейрек кездешүүчү минералдарга жана чийки затка өзгөчө артыкчылык менен жетүү жөнүндөбү?
— Биринчиден, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жетекчилиги алдында көп сандаган бизнес өкүлдөрүнүн Өзбекстанга барары жарыяланган сапар, менин оюмча, биринчи кезекте азыркы бийликтеги күчтөрдүн Американын тышкы саясаттагы артыкчылыктарын ички жактан кайра түзүү аракетин чагылдырат.
Бул жерде республикалык партиянын саясий оппоненттери тарабынан көзөмөлдөнүп келген өкмөттүк эмес фонддор менен уюмдардын ишмердүүлүгүнүн кеңири кыскартылганын дагы бир жолу эске салуу орундуу. Белгилүү болгондой, бул түзүмдөр демократтардын кызыкчылыктарын көздөп, алардын максаттарына ылайык иш алып барышкан. Эми стратегиялык максаттарды ишке ашыруунун жаңы принциптерин жана ыкмаларын калыптандыруу мезгили келди. Бул жагынан алганда, республикалык администрация абстракттуу идеологиялык концепцияларды жана гуманитардык демилгелерди жайылтуудан көрө, катуу экономикалык прагматизмге ырааттуу түрдө басым жасоодо.
Ошол эле учурда бизнес менен каржы геосаясаттын жаңы куралына айланышы толук мүмкүн. Анткени жеке капитал АКШнын саясий турмушундагы көптөгөн окуялардын негизин түзүп келген жана демократтар бийликте турган мезгилде да Борбор Азияда маанилүү роль ойногон.
Ал эми америкалыктардын Борбор Азиянын жер казынасындагы байлыктарга ээ болуу ниетине келсек, бул маселеге сын көз караш менен мамиле кылуу зарыл. Азыркы Америка үчүн сейрек кездешүүчү металлдар рыногунда Кытайдын монополиясын бузуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо чындап эле маанилүү. Бүгүнкү реалдуулукту эске алганда, сейрек кездешүүчү металлдарга жеткиликтүүлүк дүйнөлүк аренада стратегиялык артыкчылыктарды камсыздай алат. Ошондуктан АКШ үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагындагы кен байлыктарга жол ачуу ашыкча болбойт эле.
Бирок бул жерде да бир нече олуттуу жагдай бар. Биринчиден, АКШ Борбор Азия республикаларынын ресурстук базасына кирүүгө аракет кылган күндө да, аймакта буга чейин иштеп жаткан кытайлык, орусиялык, европалык жана башка корпорациялар менен атаандашуу оңойго турбайт. Чалгындалып, запастары аныкталган ири кендер буга чейин эле өздөштүрүлүп же белгилүү компаниялардын ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирип калган. Ал эми али изилдене элек кендерди өздөштүрүү үчүн узак убакыт талап кылынат. Бул тиешелүү инфраструктураны түзүүнү, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү жана ири көлөмдөгү каржылык салымдарды талап кылат. Пекиндин “Бир алкак, бир жол” демилгесинин өзү эле жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү көрсөтүп турат.
Экинчиден, АКШнын бийлиги «инфраструктуралык туңгуюк» көйгөйүн жакшы түшүнөрүн эске алуу керек. Борбор Азия бардык тарабынан кургактык менен курчалгандыктан, бул жерде казылып алынган чийки затты Орусияны же Кытайды айланып өтүү менен дүйнөнүн каалаган жерине жеткирүү иш жүзүндө аткарылышы өтө кыйын милдетке айланат.
Пекин менен глобалдык атаандаштык жүрүп жаткан шартта Вашингтон транспорттук логистиканы стратегиялык жактан уюштурууда Кытай тарапка кандайдыр бир артыкчылыктарды берүүгө макул болушу күмөн. Ушул өңүттөн алганда, ресурстарды казып алуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу Борбор Азиянын АКШ үчүн артыкчылыктуу багыт катары каралышынын ыктымалдыгы да төмөндөйт.
Болжол менен жүзгө жакын ишкерден турган ири делегациянын сапары, сыягы, атаандаштык анчалык күчтүү болбогон же коюлган максаттарды техникалык жактан ишке ашырууга тоскоолдуктар жаралбаган тармактарда жана рыноктун айрым сегменттеринде чакан, жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай шарттарда америкалык капитал өзүн ишенимдүү сезип, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү таба алат. Ошол эле учурда Трамптын азыркы администрациясы Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү металлдардын кендерине кандайдыр бир жол менен жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну көздөп жатат деген божомолду да четке кагууга болбойт.
— Айрым пикирлер боюнча, АКШнын Борбор Азиядагы стратегиясы Жакынкы Чыгышта жүргүзүлгөн саясатты кайталашы мүмкүн. Ал аймактарда Вашингтон үчүн ресурстарды өзүнө пайдалуу шарттарда алуу артыкчылыктуу болгон. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн мындай кооптонуулар канчалык негиздүү?
— АКШнын Борбор Азиядагы сейрек кездешүүчү металлдарга жана башка ресурстарга болгон муктаждыгы тууралуу мурдагы жоопторго кайрылсак, «Жакынкы Чыгыш схемасы» Борбор Азияда ишке ашышы күмөндүү экенин, балким, таптакыр мүмкүн эместигин дагы бир жолу белгилөөгө болот.
Бул аймактагы эл аралык саясий архитектуранын конфигурациясы акыркы он жылдыктарда Ирак, Сирия, Ливия же Йемен сыяктуу жерлерде байкалган конфигурациядан кескин айырмаланат. Негизги айырмачылык — буга чейин айтылган ири оюнчулардын, тактап айтканда, Орусия менен Кытайдын аймакта тыгыз катышуусунда.
Мындан тышкары, америкалыктардын Борбор Азиянын беш республикасынын аймагына аскердик контингент киргизүүсү үчүн түшүнүктүү негиздер жок. Мисалы, «радикалдуу авторитардык режимге каршы күрөшүү», экстремизмге каршы туруу же Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтеринин шарттуу түрдө «тыюу салынган уюмдар» менен байланыштарын үзүү сыяктуу жүйөлөрдү колдонуу үчүн да олуттуу негиз талап кылынат.
Жакынкы Чыгыш аймагында сыналган тактикалардын бири да Борбор Азияда колдонууга негиз бербейт, анткени жогоруда аталган элементтердин эч бири ал аймактагы башкаруучу режимдерге мүнөздүү эмес.
— Эмне үчүн АКШнын Борбор Азияга болгон кызыгуусу дал ушул учурда — сейрек кездешүүчү жана өтө маанилүү металлдар (литий, уран жана сейрек жер элементтери) үчүн күрөш күчөп жаткан чакта кескин өстү?
— АКШнын Борбор Азияга болгон кызыгуусу эч качан олуттуу деңгээлде басаңдаган эмес. Ошондуктан Вашингтондун Бишкек, Астана, Ташкент, Душанбе жана Ашхабад менен байланыштарды өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө болгон кызыгуусу кескин өстү деп айтууга болбойт.
Акыр-аягы, Барак Обаманын президенттиги учурунда демократтар тарабынан түзүлгөн «C5+1» интеграциялык форматы Трамп бийликке келгенден кийин да жоюлган же тоңдурулган эмес. Бүгүнкү күндө Ак үйдүн байланыштарды жүргүзүү стратегиясында концептуалдык өзгөрүүлөр болуп жатканын гана белгилөөгө болот. Бизнес тышкы саясаттын жаңы куралына айланууда. Дүйнөдөгү кубаттуу державаны түздөн-түз бизнес чөйрөсүнөн чыккан адам башкарып жаткан шартта бул таң калыштуу эмес.
Ошол эле учурда Борбор Азия менен байланыштарды түзүү принциптерин «кайра карап чыгуу» дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын сейрек кездешүүчү металлдарга жетүү мүмкүнчүлүгүн издөө кызыкчылыгы күчөгөн учурга туш келгени өзүнчө олуттуу аналитикалык талдоого татыктуу.
Борбор Азиядагы баалуу ресурстардын кендери америкалык MAGA-консерваторлору жана оңчул популисттери үчүн Латын Америкасындагы ушундай эле ресурстарга салыштырмалуу анча маанилүү эмес деп ишенимдүү айтууга болбойт. Маселе АКШ бийлиги Борбор Азиядагы өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын жана стратегиялык максаттарын кандай жол менен ишке ашырууну пландап жатканында.
— АКШнын позициясы «America First» — «Америка биринчи орунда» принцибине негизделет. Эгер Вашингтон өзүнүн кызыкчылыктарын гана биринчи орунга койсо, кризистик кырдаалдарда Борбор Азия өлкөлөрү АКШдан кандай реалдуу жардам күтүшү мүмкүн?
— «Америка биринчи орунда» деген стратегияны жарыялаган Ак үйдүн Европадагы салттуу тарыхый өнөктөштөрү жана НАТО боюнча союздаштары менен кандай мамиле түзүп жатканына көз чаптыруу жетиштүү.
Ири өкмөттөр аралык аскердик альянс, бир катар милдеттенмелер жана макулдашылган стратегиялар болгонуна карабастан, АКШ интеграциялык бирикменин алкагында коргонууга жумшалган чыгымдар маселесин өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн. Ал союздаштарынан өздөрүнүн экономикалык абалына зыян келтире тургандай деңгээлде көбүрөөк каражат бөлүүнү талап кылып, же Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы аракеттерин колдоодон баш тарткандыгы үчүн альянстан чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйытып коюшу мүмкүн.
Бул жагдай АКШнын азыркы эксцентрикалуу жана алдын ала болжолдоого кыйын жетекчилиги шартында Борбор Азия өлкөлөрү да Американын тигил же бул убадаларынын аткарылышына же анын иш-аракеттеринин ырааттуулугуна ашыкча ишенип албашы керектигин ачык-айкын көрсөтүп турат.
АКШ Борбор Азия аймагын Кытайга таасир этүүчү белгилүү бир рычагдарды тигил же бул жол менен орнотууга мүмкүн болгон мейкиндик катары пайдаланууга болгон каалоосун жоготпой турганына гана ишенсе болот. Ал эми ушул максатта Вашингтон айрым долбоорлорго каржылык каражаттарды жумшашы мүмкүн.
— Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүн коңшу мамлекеттерге болгон көз карандылыгын азайтууга чакырат. Бирок коопсуздукка реалдуу коркунуч жаралганда же экономикалык кризистер учурунда АКШ адатта четтеп кетет. Орусиянын же Ирандын рыногун жоготкон учурда АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай кепилдиктерди же компенсацияларды бере алат?
— Компенсациялар жөнүндө сөз кылууга негиз жок. Жок дегенде саясий талдоо көз карашынан алганда, Орусия, Кытай жана Иран менен байланыштар гипотетикалык түрдө үзүлгөн учурда АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга каражат салат деген мүмкүнчүлүктү табуу өтө кыйын. Бул тууралуу жогоруда да айтылды. АКШнын азыркы саясий элитасынын өзгөчө мүнөзү жана кабыл алынган чечимдердин алдын ала айтуу кыйын болгон туруксуздугу эч кимге кепилдик бербейт.
— Борбор Азия мамлекеттери тышкы геосаясий атаандаштыктын майданына айланып калбастан, өз эгемендигин, ресурстарын жана экономикасын коргоо үчүн “C5+1” форматынын алкагында кандай жүрүм-турум моделин тандап алышы керек?
— Борбор Азия өлкөлөрү АКШ Орусия, Кытай жана Евразия континентиндеги башка аймактык лидерлер менен кызматташуунун толук кандуу альтернативасын сунуштай албай турганын эске алышы өтө маанилүү.
АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин миллиондогон жарандары үчүн негизги эмгек рыногун физикалык жактан да, институционалдык жактан да алмаштыра албайт. Азыркы учурда мындай эмгек рыногунун ролун Орусия аткарып келет.
Ошондой эле АКШнын аймактагы негизги инвестор, кредитор жана чийки затты сатып алуучу катары Кытайдын ордун басууга ресурстары жетишсиз. Американын бюджеттик системасы өлкөнүн башка мамлекеттердин экономикалык жоготууларынын ордун толтуруу үчүн жүздөгөн миллиард долларга чек жазып бере беришине жол бербейт.
Мындан тышкары, «America First» доктринасынын өзү эле башка мамлекеттердин кызыкчылыктары Вашингтондун артыкчылыктуу багыттарынын катарына кирерине шек жаратат. Ошол эле учурда АКШ менен кызматташуудан толугу менен баш тартуу да өтө акылга сыйбаган жана утулушка алып келе турган стратегия болмок. Бул Борбор Азия республикаларынын экономикасы коңшу мамлекеттердин экономикалары менен тыгыз өз ара байланышта экендигин эске алганда да маанилүү.
Азыркы учурда алдын ала айтуу кыйын болгон саясат жүргүзүп жатканына карабастан, Америка дүйнөдөгү эң ири экономика бойдон калууда. Ал эл аралык келишимдердин жана банктык которуулардын негизинде турган доллардын негизги эмитенти болуп саналат. Ошондой эле SWIFT системасы аркылуу жүргүзүлгөн эл аралык төлөмдөрдө доллар маанилүү орунду ээлейт. Мындан тышкары, АКШ эбегейсиз технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жана, бул да маанилүү, санкциялык куралдардын кеңири топтомуна ээ. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эң рационалдуу багыт — кызматташуунун конкреттүү тармактарын прагматикалык негизде тандоо, ошондой эле ар бир чечимдин чыгымдарын жана тобокелдиктерин өтө кылдат эсептөө болуп саналат.
Маектешкен: Азиз Пиримкулов