Үй КАБАРЛАРХуситтер Сауд Арабиясынын Typhoon истребителин жок кылганын билдиришти

Хуситтер Сауд Арабиясынын Typhoon истребителин жок кылганын билдиришти

by Kanykey

«Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтердин) куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сари хуситтердин абадан коргонуу күчтөрү Йемендин үстүндө Сауд Арабиясына таандык Typhoon истребителин атып түшүргөнүн билдирди. Ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө учак Эт-Таиф шаарындагы авиабазадан учуп чыкканын тактады.

«Истребитель жерден абага багытталган ракета менен Йемендин түндүк-батышындагы Саада провинциясынын аба мейкиндигинде аткыланган. Ракета бутага түз тийип, учак учурда кыйроо коркунучунда турат», — деп кошумчалады ал.

Сауд Арабиясы башында турган коалициянын бийлик өкүлдөрү бул маалыматты азырынча ырасташкан да, четке кагышкан да жок.

Хуситтердин маалыматына караганда, Сауд Арабиясынын авиациясы жана ракеталык аскерлери Йемендин аймактарына суткасына 100 же андан ашык сокку урушат. Чабуулдарда F-15 жана Typhoon үлгүсүндөгү учактар да колдонулат.