Үй Редактордун тандоосуИран хуситтер менен Эр-Рияддын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр

Иран хуситтер менен Эр-Рияддын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр

by Kanykey

Иран Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылы (хуситтер) менен Сауд Арабиясынын ортосундагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр.

Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи журналисттер менен маектешүү учурунда айтты. Анын айтымында, Иран эки тарап тең ушундай өтүнүч менен кайрылган учурда көмөктөшө алат.

«Иран Ислам Республикасы согуштук аракеттерди токтотууга көмөктөшүү максатында ортомчулук кызматтарын көрсөтүүгө дайыма даяр болуп келген жана эки тараптын өтүнүчү боюнча бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга мындан ары да даяр», — деген анын сөздөрүн Тышкы иштер министрлиги Telegram-каналында келтирди.

Багаи Сауд Арабиясы менен хуситтердин ортосундагы пикир келишпестиктерди диалог жана дипломатия жолу менен жоюу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, акыркы 12 жылдагы окуялар тышкы кийлигишүү, аскердик ыкмалар жана блокада Йемендеги көйгөйдү чечүүгө мүмкүндүк бербей турганын көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондой эле Тегерандын «Ансар Аллах» кыймылынын Сауд Арабиясына жасаган чабуулдарына тиешеси бар деген билдирүүлөрдү четке какты.

«Йемендин куралдуу күчтөрү (хуситтер жөнүндө сөз болуп жатат —  ред.) өз кызыкчылыктарына жана өз баалоолоруна таянып аракеттенет», — деди дипломат. Ал Иран жаңжалдын мындан ары курчушун тараптардын эч бири үчүн пайдалуу деп эсептебей турганын кошумчалады.

Багаинин айтымында, жаңжалды жөнгө салуу үчүн Йемендин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотуу, ошондой эле аба жана деңиз блокадасын алып салуу зарыл.

Йеменде 2014-жылдын август айынан бери хуситтер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып келет. 2015-жылдын март айында Йемендин ошол кездеги президенти Абд Раббо Мансур Хадинин өтүнүчү боюнча өкмөттү колдогон Сауд Арабиясы жетектеген коалиция жаңжалга аралашкан.

2026-жылдын август айынын башында «Ансар Аллах» кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулар курчуган. Хуситтер сентябрь айында Йемендин батышындагы Моха порт шаарын жана Баб-эль-Мандеб кысыгына чыгуучу аймактарды көзөмөлүнө алган.

5-октябрда Йемендин Президенттик башкаруу кеңешинин төрагасы Рашад Мухаммед аль-Алими хуситтерден борбор шаар Сананы бошотууга багытталган «Йемендин таңы» аттуу масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Операция коалициянын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Хуситтер ага жооп катары Сауд Аравиясынын аймагына да соккуларды жасоодо.