Үй Редактордун тандоосуАракчи Ормуз кысыгын ачуу планы боюнча ортомчулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди

Аракчи Ормуз кысыгын ачуу планы боюнча ортомчулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди

by Kanykey

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран дипломатиядан баш тартпай турганын жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча жети күндүк планды ишке ашыруу мөөнөтүн кыскартуунун мүмкүн болгон жолдорун ортомчулар менен талкуулап жатканын билдирди.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги деңиз блокадасын жана экспортко коюлган чектөөлөрдү алып салуунун ордуна Ормуз кысыгын ачуу боюнча жети күндүк планды АКШга өткөрүп бергенин билдирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп бул сунушту четке каккан. Ошол эле учурда Тегеран ортомчулар аркылуу Вашингтонго АКШнын жообуна карата Ирандын позициясын түшүндүргөнүн жана кыйла кеңири жооп даярдап жатканын маалымдаган.

«Биздин эр жүрөк куралдуу күчтөрүбүз мекенибизди коргоого толук даяр болгонуна карабастан, Иран дипломатияга ийгиликке жетүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү улантууда. Биз жети күндүк планыбызды бир жумадан да кыска мөөнөттө ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган идеяларды карап чыгуу максатында ортомчулар менен тыгыз жана үзгүлтүксүз байланышта болуп жатабыз», — деп жазды Аракчи X социалдык тармагында.

Белгилей кетсек, Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдары дээрлик толугу менен токтоп калган. Бул — дүйнөлүк рынокко мунай, мунайзаттарын жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги каттам. Натыйжада көпчүлүк өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы жогорулады.