Оман менен Иран Ормуз кысыгынын түндүк жана түштүк деңиз жолдорунун ортосундагы үчүнчү каттамды кайра ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, бул каттам буга чейин аймактагы аскердик жаңжалдан улам пайдаланылбай келген.
Күтүлүп жаткан макулдашуунун негизги максаты – кеме каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жүктөрдү ташуудагы тобокелчиликтерди азайтуу.
Агенттиктин маалыматына караганда, Оман тарап АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу басаңдагандан кийин жакынкы күндөрү жетишилген макулдашуулар тууралуу расмий жарыя жасалат деп үмүттөнүүдө.
Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын ортосундагы соңку чыңалуу 8-июлда АКШнын Ирандын аймагына жасаган соккуларынан кийин күчөп, андан соң Тегеран аймактагы америкалык объектилерге жооп иретинде чабуулдарды жасаган.