14
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШга 23–25-сентябрь күндөрү иш сапары менен барат, деп билдирет Politico.
Маалыматка караганда, 24-сентябрда Ак үйдө Кытай лидери менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу пландалган. Тараптар соода маселелерин, Тайвандын айланасындагы кырдаалды, жасалма интеллекттин өнүгүшүн, ошондой эле Ирандагы абалды жана Ормуз кысыгындагы кырдаалды талкуулайт деп күтүлүүдө.
Басылманын маалыматына ылайык, Си Цзиньпин ошол эле учурда өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышпайт.