Израиль жана бир катар араб өлкөлөрү FlyDubai авиакомпаниясынын учагына байланыштуу окуяны алдын ала пландашкан. Алар бул окуяны АКШны Тегеран менен жаңжалдын кезектеги баскычына тартуу жана Израилдин лидери Биньямин Нетаньяхунун алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишине шарт түзүү үчүн пайдаланууну көздөшкөн. Бул тууралуу Ирандын Press TV телеканалы аймактагы кырдаалдан жакшы кабардар булакка таянуу менен билдирди.
«Эмираттардын учагын барымтага алуу боюнча “акылга сыйбаган сценарий” шаршемби күнү ишке ашырылган. Бул Нетаньяху бир нече жогорку даражалуу аскердик жана чалгын кызматынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Бириккен Араб Эмираттарына келгенден үч күн өткөндөн кийин болгон. Маалыматтан кабардар булактын айтымында, бул долбоор ошол сапардын жүрүшүндө талкууланып, иштелип чыккан», — деп айтылат телеканалдын материалында.
Press TV телеканалынын маектешинин айтымында, сапардын жүрүшүндө БАЭге Израилдин аймактагы долбоорлорунда белгилүү бир роль жүктөлгөн. Мындан тышкары, Израиль Иранды айыптоо максатында «жалган желек» операциясын иштеп чыгуу үчүн бир катар башка араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
«Булактын айтымында, бул операциянын максаты АКШнын президенти Дональд Трампты жаңы жаңжалга тартып, Иран менен согуштун жаңы баскычын баштоого түрткү берүү болгон», — деп билдирет телеканал.
Телеканалдын маектеши билдиргендей, Нетаньяху өзүнүн коалициясы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ боло албай калышы мүмкүн деп кооптонууда. Анын айтымында, Израилдин премьер-министри Трампты Тегеран менен жаңжалга тартуу аркылуу шайлоодо жеңишке жетүүнү пландап жатат.
Булактын ырастоосунда, Израилдин лидери өзүнүн саясий абалын жакшыртуу үчүн АКШнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөөдө.
Булак Тегеранда АКШ менен Израилдин аракеттерине кылдат байкоо салынып жатканын жана алар учакты барымтага алуу боюнча «алдын ала пландалган айла-амалга» шылтоо кылып, дагы бир «акылга сыйбаган» кадамга барышы мүмкүн экенине даярдык көрүлгөнүн белгилеген.
Анын айтымында, Иран кандайдыр бир душмандык аракет жасалган учурда АКШга жана Израилге кыйратуучу сокку урууга даяр.
30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге багыт алган FlyDubai авиакомпаниясынын учагы өзгөчө кырдаал тууралуу сигнал берип, бир аз убакыттан кийин Сауд Арабиясына чукул конгон. Кийинчерээк авиакомпания учуу учурунда эки учкучтун ортосунда мушташ болгонун ырастаган. Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарында учкучтардын бири экинчисине бычак менен кол салып, учакты кыйроого учуратууга аракет кылганы тууралуу маалымат тараган. Израилдин бийлиги окуяны теракт жасоо аракети деп атаган.