Үй АНАЛИТИКАWildberries кампалары Борбор Азияда: Таасир талашпы же соода логистикасыбы?

Wildberries кампалары Борбор Азияда: Таасир талашпы же соода логистикасыбы?

by Kanykey

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ата мекендик экспорттоочуларды Россиядагы логистикалык үзгүлтүктөн коргоо жана чек ара тоскоолдуктарын минималдаштыруу үчүн Кыргызстанда аталган компаниянын  кампаларын ачууну сунуштады. Ал эми 2027-жылга чейин 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген Астана жана Алматы шаарларындагы Wildberries ири кампаларынын курулушун улантууда.

Россия менен Украинанын жаңжалы токтобогон шартта нейтралдуулукту карманган эки кошуна өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктан улам жасаган бул кадамы канчалык реалдуу? Анткени Украина расмий түрдө Wildberries маркетплейсин орус армиясын учкучсуз учактардын компоненттери жана навигациялык жабдыктар менен камсыздоочу аскердик логистикалык чынжырдын бир бөлүгү деп айыптап келет.

Же геосаясаттагы кырдаал курчуп турган шартта Wildberries маркетплейсинин ири кампаларынын өлкөлөргө курулушу Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен Казакстанга күчтүү делген державалардын таасир талашыбы? Мунун арты менен Батыш өлкөлөрүнүн ар кандай санкция салуу ыктымалдуулугу барбы? Же эки өлкө тең Батыштын санкцияларын аттап өтүп, Россия менен болгон салттуу экономикалык байланыштарды жана ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерди сактап кала алабы? Жергиликтүү рыноктор үчүн пайдалуулугу канчалык?

Алмаз Тажыбай, саясый эксперт:

“Өлкөлөр “логистикалык терезе” болбош керек…”

– Россиянын Украина суверенитине каршы көрсөткөн агрессиясына Кыргызстан БУУнун чечиминде нейтралду позициясын кармайт. Бирок 2022-жылдан башталган ачык согуштан кийин Кыргызстандын кээ бир банктары жана ишканалары (чет өлкө капиталдары бар) Батыштын санкциясына кабыл алынып жатат. Албетте, согушту камсыз кылууда көптөгөн ишканалар байып кетишет, анын аркасындан өлкөнүн бюджетине салык да көп төлөнөт. Бирок саясат тарабынан агрессорду колдоп жаткан болуп калат, өзгөчө демократиялык Батыш өлкөлөрдө.

Украина Wildberries маркетплейсин “аскердик логистиканын элементи” бар деп атап жатса да, Россиянын ар бир ишканалары же ар бир жарандары өлкөнүн бюджетине салык төлөп согушту, экономикасын колдоп жатат.

Кыргызстан Россия менен бирге ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана эки тараптуу стратегиялык келишим жана катнаштары бар, ошондуктан эки тараптуу милдеттенмени аткарууда өлкөбүздүн экономикасына, өзгөчө дүйнөдөгү аброюна залакасы тийбестигин эске алыш керек.

Батыштын Россиядагы согушту токтоотуу амалындагы 21-иреттеги санкцияларга кыргыз жана башка өлкөлөр “логистикалык терезе” болбош керек, анткени согуш абийрсиздик жана адамкерчиликсиз.

Диля Дүйшөбаева, эксперт:

“Wildberries үчүн логистикалык кампа куруу маселеси буга чейин эле көтөрүлгөн”

– Кыргызстанда Wildberries үчүн логистикалык кампа куруу маселеси буга чейин эле көтөрүлүп, атайын жер бөлүү боюнча тиешелүү трансформация процесси аяктоо алдында турат. Демек, бул бүгүн гана пайда болгон сунуш эмес. Балким, Соода өнөржай палатасынын жетекчилигине долбоордун буга чейинки жүрүшү тууралуу толук маалымат жеткен эместир.

Кыргызстан Казакстан менен кампанын чарчы метри боюнча атаандашпашы керек. Биздин өзүнчө артыкчылыгыбыз бар.

Казакстан чоң логистикалык хаб боло алат, ал эми Кыргызстанды өндүрүш жана экспорттук хабга айландыруу керек. Өзгөчө тигүү жана текстиль тармагында бизде буга потенциал бар.

Биринчиден, Кыргызстанда даяр тигүү өндүрүшүнүн базасы бар. Экинчиден, эмгек ресурстары жана чакан жана орто өндүрүүчүлөрдүн саны көп. Үчүнчүдөн, ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү жана Wildberries боюнча 2-орунду ээлейт деген статусу бар.

Эгерде, Кыргызстанда Wildberries сыяктуу маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасы түзүлсө, биздин ишкерлер товарын алгач Казакстанга жөнөтүп, кайра ошол жактан Россияга чыгарууга көз каранды болбой, мүмкүн болушунча түз логистикалык каналдарды пайдалана алышат деп ойлойм.

Ошондуктан бизге 260 миң чарчы метрлик кампанын көчүрмөсү эмес, Кыргызстандын өндүрүүчүсүнө ылайыкташкан натыйжалуу логистикалык борбор керек.

Ал эми чыныгы атаандаштык кампанын көлөмүндө эмес – товардын баасында, сапатында, дизайнында, өндүрүш ылдамдыгында жана экспортко даярдыгында.

Кыргызстан Казакстан менен “кимде чоң кампа болот?”деп эмес, “кимдин өндүрүүчүсү рынокко тез жана атаандаштыкка жөндөмдүү товар чыгарат?” деп атаандашышы керек.

Wildberries компаниясынын жалпы аянты 5,2 миллион чарчы метрди түзөт. Анын 17%ын жоготкон. Келтирилген зыян 214,88-279,64 миллиард рубль.

Июль жана август айларынын башында Россиянын аймагындагы Wildberries маркетплейсинин логистикалык инфраструктурасы жана кампалары дрон чабуулдарына кабылып, анын кесепетинен ири өрткө кабылган.

Маалымат агенттиктеринин жана аналитикалык талдоолордун маалыматы боюнча, чабуулдардан жана зыяндан жабыркаган кампалардын жалпы саны 20 объектинин тегереги.

The Data Insight агенттигинин баамында, компания жалпы кампа аянтынын 20%дан ашыгынан айрылган. Аналитик Сергей Семко Wildberries компаниясынын маалыматына таянган билдирүүсүнө ылайык, компаниянын жалпы аянты 5,2 миллион чарчы метрди түзгөн логистикалык инфраструктурасы бар.
2-августка карата чабуулга кабылган Wildberries кампаларынын жалпы аянты 1,21-1,47 миллион чарчы метрди түзгөн, анын ичинен 893 000ден 1,16 миллион чарчы метрге чейин же жалпы аянттын 17-22% зыянга учураган.

18-июлдан бери Wildberries дрон чабуулдарынан улам кампа аянтынын кеминде 17% жоготту, ал эми аналитиктер сатуучуларга келтирилген зыянды 214,88-279,64 миллиард рубл деп баалап жатышат.

Буга чейин маркетплейстердин сатуучуларынын ассоциациясынын аткаруучу директору, эксперт, Арнагүл Бөлөкбаева дрондук чабуул жана анын кесепетинен чыккан өрт кыргызстандык ишкерлерди миллиондогон долларлык чыгымга учуратканын “Евразия Тудей” агенттигине билдирген.

“Азырынча Wildberries кампаларындагы өрттөн жана жеткирүүдөгү логистикалык кризистен улам биздин ишкерлер тарткан чыгымдын так суммасын айтуу кыйын. Анткени зыянга учураган товарлардын эсептөөлөрү дагы деле уланууда. Ошол эле учурда Wildberriesке жасалган чабуулдар азыр да жасалып жатат. Акыркы бир ай аралыгында Украина тараптан Wildberries компаниясынын ири логистикалык борборлоруна катары менен ондон ашык соккуларды уруп, маркетплейстин Россиядагы эң негизги кампаларын бутага алып, ири өрттөргө жана логистикалык кризиске алып келди”, – деген Арнагүл Бөлөкбаева.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева