Үй Редактордун тандоосуБУУнун Башкы катчысы: Израиль Сириянын тынчын албашы  керек

БУУнун Башкы катчысы: Израиль Сириянын тынчын албашы  керек

by Kanykey

Сирия аймактык туруктуулуктун жана тынчтыктын символуна айланды, деди Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Сириядагы Израилдин мыйзам бузуулары кабыл алынгыс экенин белгилеп, “Израиль Сириянын тынчын албашы керек” деп билдирди.

Сирия мамлекеттик телеканалы “Эль-Ихбариех” менен болгон маегинде Гутерриш Израилдин Сириядагы аракеттерине өз баасын берди.

“Израиль Сирияны жалгыз калтырышы керек. Израилдин мыйзам бузуулары кабыл алынгыс”, – деди Гутерриш, Сирияга өз келечегин өзү аныктоо укугу берилиши керектигин баса белгилеп.

Башкы катчы Сирияга каршы айрым санкциялар күчүндө кала берерин белгилеп, аларды алып салуу керектигин жана Сирия өкмөтүнө конкреттүү каржылык колдоо көрсөтүлүшү зарылдыгын билдирди.

Эл аралык коомчулук Сирияны колдоого милдеттүү экенин белгилеп, саясатчы: “Сирия аймактык туруктуулуктун жана тынчтыктын символуна айланды”, – деп билдирди.

БУУнун Башкы катчысы көптөгөн адамдар кыйноого алынып, өлтүрүлгөн Седная түрмөсүнө болгон сапары ага терең таасир калтырганын белгилеп, аны эң көп тынчсыздандырган маселелердин бири дайынсыз жоголгондордун тирүү же өлүү экендигинин белгисиз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Жер которгон адамдардын кайтып келиши

Сириядагы гуманитардык кырдаалга да токтолгон Гутерриш жер которгон адамдардын олуттуу саны өз аймактарына кайтып келип жатканын белгиледи.

Ал жабырлануучулар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн өзгөчө колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгилеп, аман калгандарга зарыл жардамды жеткирүүгө чакырды.

Башкы катчы ички жер которгон адамдардын саны тездик менен азайып баратканын белгилеп, Сириядагы туруктуулукту жана өнүгүүнү калыбына келтирүү үчүн эл аралык колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Антонио Гутерриш ошондой эле бийликтен кулатылган Башар Асаддын режиминин сириялыктарга каршы жүргүзгөн репрессияларынан улам Сирияга 15 жылдан бери барбаганын баса белгилеп, бул сапар ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.