Үй Редактордун тандоосуГутерреш ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет

Гутерреш ШКУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет

by Kanykey

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Бишкек шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу анын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

«Ал (Гутерреш – ред.) 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга барат», — деди Дюжаррик маалымат жыйынында.

Анын айтымында, саммиттин алкагында БУУнун башкы катчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Мындан тышкары, 1-сентябрь күнү Гутерреш «ШКУ плюс» форматындагы жыйынга катышып, анда эки уюмдун өнөктөштүгүнө жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көңүл бурат.

Шанхай кызматташтык уюмуна 10 мамлекет — Россия, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Афганистан менен Монголия уюмда байкоочу макамына ээ. Ал эми дагы 15 өлкө ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү болуп саналат.