Франция, Германия жана Түркия баштаган 20 өлкө, ошондой эле Европа комиссиясы жасалма интеллект адамдын көзөмөлүндө калышы керек деген декларацияны кабыл алып, бул жаатта жалпы байкоо стандарттарын түзүүгө чакырышты.
Бул тууралуу документтин демилгечилеринин бири Финляндиянын президенти Александр Стуббдун кеңсеси билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Документке Дания, Исландия, Эстония, Латвия, Нидерланд, Ирландия, Европа комиссиясы, Германия, Испания, Молдова, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Казакстан, Сингапур, Кения, Түштүк Африка Республикасы, Канада, Австралия, Финляндия жана Норвегия кошулду.
«Кайрылууда жасалма интеллектти иштеп чыгуучу компанияларды технологиянын өнүгүшү адамзаттын келечегине коркунуч жаратпашы үчүн ачык-айкын механизмдерди иштеп чыгууга чакырык камтылган. Алардын катарында коопсуздук протоколдору, милдеттүү тестирлөө жана көз карандысыз баалоо болушу керек.
Өкмөттөргө жана аймактык уюмдарга жалпы стандарттарды мындан ары да иштеп чыгып, аларды координациялоо жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу сунушталат. Анын ичинде коопсуздукка байланыштуу инциденттер тууралуу биргелешкен отчетторду даярдоо каралууда», — деп билдирген Финляндия президентинин кеңсеси.
Декларацияга кол койгон өлкөлөр ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерди стандарттарды белгилөөгө, текшерүү жүргүзүүгө жана белгиленген чектерден ашып кеткен учурларда мамлекеттерди чогултууга жөндөмдүү эл аралык институт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырышты.