Үй КАБАРЛАРИндия Пакистан менен чек арадагы негизги чек ара постун жаап жатат

Индия Пакистан менен чек арадагы негизги чек ара постун жаап жатат

by Kanykey

Индия Жамму жана Кашмир союздук аймагында 26 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин Пакистан менен болгон негизги “Атари” көзөмөл-өткөрүү пунктун жаап жатат.

Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри брифингде билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.

“Интеграцияланган көзөмөл-өткөрүү пункту “Атари” дароо жабылат”, – деди ал.

Мисринин айтымында, чек араны кесип өткөн пакистандыктар 2025-жылдын 1-майына чейин бул каттам аркылуу кайтып кете алышат.

Индиялык дипломат ошондой эле Нью-Дели Индия менен Пакистандын ортосундагы суу бөлүшүү келишими – 1960-жылдагы Инд суулары боюнча макулдашууну токтопу жатат.

“Инд суулары келишими Пакистан чек арадагы терроризмди колдоону так жана кайтарылгыс түрдө токтотмоюнча токтотулган бойдон калат”, – деп баса белгиледи Мисри.

Индиянын Жамму жана Кашмир аймагындагы Пахалгам шаарына жакын жерде террордук чабуул 22-апрелде түштөн кийин болгон. Куралчан үч адам топтолгон туристтерге ок чыгарып, 25 индиялык жана бир непалдык жараны набыт болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Лашкар-и-Тайба” менен байланышы бар “Каршылык көрсөтүү фронту” деп аталган топ өзүнө алды.

Расмий Исламабад террордук чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.