Үй КАБАРЛАРИранда АКШнын Ирактан чыгарылышын тарыхый жеңиш деп аташты

Иранда АКШнын Ирактан чыгарылышын тарыхый жеңиш деп аташты

by Kanykey

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ аскерлеринин Ирактан чыгарылышына байланыштуу билдирүү таратып, Ирак эли менен “Каршылык көрсөтүү огун” бул тарыхый жеңиш менен куттуктады.

Билдирүүдө АКШнын Ирактан чыгарылышы Ирак элинин өз алдынчалык үчүн күрөшүнүн натыйжасы экени айтылат.

«АКШнын Ирактан чыгарылышы — сыймыктуу ирак элинин өз көз карандысыздыгына болгон бекем умтулуусунун натыйжасы болду. Ирак эли тарыхый каршылыгы менен улуттук эрк —  үстөмдүк кылуучулардын ашкере талаптарына каршы эң мыкты курал экенин далилдеди. Ирактын үстөмдүккө каршы каршылык көрсөтүү эркинин америкалык оккупацияны жеңиши аймактагы элдердин эркиндик үчүн күрөшүнүн тарыхындагы алтын барак болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Сакчылар корпусунун билдирүүсүндө Ирак элинин бекем чечкиндүүлүгүнүн натыйжасында дайыма күч тили менен сүйлөп келген Кошмо Штаттар жыйырма жылдан кийин бул жерден чегинүүгө аргасыз болгону белгиленет.

Билдирүүдө АКШ Ирактан сүйлөшүүлөр же кимдир бирөөнүн уруксаты менен эмес, бекем турган элдин чечкиндүүлүгү жана эч качан сынбаган каршылыктын эркинин натыйжасында чыгып кеткени жана учурда Ирак «20 жылдык басып алуунун урандыларынын үстүндө көз карандысыздыкты көздөп турганы» айтылат.

Сакчылар корпусу бул тарыхый окуяны Ирактагы, өзгөчө Абу Махди аль-Мухандис баш болгон шейит  болгондордун өчүн алуу жолундагы «биринчи кадам» деп атаган.

«Бул адамдардын каны үчүн өч алуу АКШнын аймактан толук чыгарылышы менен аяктайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ Батыш Азиядан кетип, аймактагы коопсуздукту жергиликтүү элдердин өздөрүнө өткөрүп бериши керек деген позициясын билдирди.

Билдирүүдө АКШнын Ирактагы жыйырма жылдык аскердик катышуусу коопсуздукту камсыз кылбастан, тескерисинче, Батыш Азиядагы коопсуздуктун начарлашына, терроризмге жана туруксуздукка себеп болгону айтылган.

Ошондой эле билдирүүдө АКШнын Ирактагы жыйырма жылдык катышуусунан кийин болжол менен 5 миң аскер кызматкери каза болгону жана 4 триллион долларга жакын каражат сарпталганы айтылып, бул көрсөткүчтөр Вашингтондун «оор жеңилүүсүн» көрсөтөрү белгиленген.

Сакчылар корпусу АКШ аскерлеринин Ирактан чыгарылышын «каршылык көрсөтүү күчтөрү үчүн маанилүү тарыхый окуя» деп атады.

“Америкалык күчтөрдүн Ирактан чыгарылышы — чоң жана тарыхый мааниге ээ окуя жана каршылык көрсөтүү огу үчүн ири жетишкендик. Ирактын ар-намыстуу эли бул ыйык кыймылды улантуу менен өлкөнүн экономикасына жана мунай тармагына АКШнын кийлигишүүсүнө да чекит коёру жана биримдик менен улуттук эрктин негизинде өздөрү үчүн жаркын келечек түзөрү шексиз. Америка эч качан ишенимдүү таяныч болгон эмес жана болбойт; мамлекеттердин келечегин алардын элдери өздөрү курушу керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө АКШнын Ирактан чыгарылышы — алардын бүткүл Батыш Азиядан жана ислам үммөтүнүн географиясынан чыгарылышынын башаты болушу мүмкүн экени белгиленет.

Сакчылар корпусу бул окуяны Ирак элинин улуттук эркинин, «каршылык көрсөтүү кыймылдарынын» аракеттеринин, элдик колдоонун жана Ирак өкмөтүнүн кадамдарынын натыйжасы катары мүнөздөгөн.

Ошондой эле Ирак өкмөтү, эли жана «каршылык көрсөтүү күчтөрү» уюштурулушу мүмкүн болгон «чагымдарга» жана өлкөдө кайрадан коопсуздук менен туруктуулукту бузууга багытталган аракеттерге сергек болушу керектиги айтылган.

Билдирүүнүн соңунда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу аймактагы «адилеттүүлүктү талап кылган жана зулумдукка каршы турган элдерди» колдоону улантарын билдирген.