Ирандын коргоо министринин милдетин аткаруучу, бригадалык генерал Сейед Мажид Ибн Реза өлкөнүн өзүндө иштелип чыккан аскердик технологиялар аймактагы бардык импорттолгон курал системаларынан жогору экенин билдирди.
«Каршылаштын мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп баратканынын белгилери барган сайын айкын болууда. Ошол эле учурда Ирандын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн коргонуу өнөр жайына таянып, ар кандай коркунучка жооп берүүгө толук даяр», — деди коргоо министри.
Анын айтымында, «коопсуздукка жана аскердик артыкчылыкка импорттук курал системалары аркылуу жетүүгө аракет кылган мамлекеттер жакын арада Ирандын өзүндө иштелип чыккан технологиялар аймактагы бардык системалардан жогору экенине ынанат».
26

Министр мындай пикирин дагы бир жолу кайталап, импорттук аскердик мүмкүнчүлүктөргө таянган өлкөлөр Ирандын жергиликтүү технологияларынын артыкчылыгын жакынкы келечекте өздөрү көрөрүн белгиледи.
Бул билдирүү CNN телеканалы шаршемби күнү жарыялаган маалыматтын фонунда жасалды. Анда АКШ жаңжал башталгандан бери THAAD (Terminal High Altitude Area Defense) абадан коргонуу комплексинин тосуп атуучу ракеталарынын дээрлик 80 пайызын, ошондой эле Patriot комплексинин ракеталарынын болжол менен жарымын колдонуп бүткөнү айтылган.
Ошондой эле баяндамада АКШнын Куралдуу күчтөрү ATACMS (Army Tactical Missile Systems) тактикалык ракеталык комплекстеринин жана PrSM (Precision Strike Missile) жогорку тактыктагы сокку уруучу ракеталарынын дээрлик бардык запасын сарптаганы белгиленет. Натыйжада, Пентагондун ок-дары кору «кооптуу деңгээлде азайып калды» деп айтылат.