Үй КАБАРЛАРКытайдан Иранга Борбор Азия аркылуу биринчи блок-поезд жөнөтүлдү

Кытайдан Иранга Борбор Азия аркылуу биринчи блок-поезд жөнөтүлдү

by Kanykey

Кытайдан Өзбекстандын аймагы аркылуу Иранга багыт алган биринчи блок-поезд жолго чыкты. Поезд 55 контейнерден турат. Бул тууралуу Өзбекстандын темир жолдорунун контейнердик паркын иштеткен «Узтемирйулконтейнер» ААК билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, поезд Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймактары аркылуу өтүп, Сарахс чек ара бекети аркылуу Иранга жеткирилет. Поездде жеңил унаалар үчүн тетиктер, эл керектөөчү товарлар жана башка жүктөр ташылууда.

Поездди «Казакстан темир жолдору» Хоргос–Алтынкөл чек ара өткөрмө пункту аркылуу кабыл алып, 7-сентябрда Алтынкөл станциясынан белгиленген маршрут боюнча жөнөткөн.

Кийинки этапта контейнердик поезд Келес чек ара өткөрмө пункту аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүп, андан соң Ходжадавлет чек ара бекети аркылуу транзит менен Түркмөнстанга багыт алат.

Маршруттун жалпы узундугу 6 миң чакырымдан ашат. Поезд акыркы пунктка 14–16 күндүн ичинде жетери күтүлүүдө.

«Узтемирйулконтейнер» компаниясынын белгилешинче, бул долбоор Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн Кытай – Борбор Азия – Иран транспорттук коридорунун практикалык натыйжалуулугун көрсөтөт. Ошондой эле долбоор бул маршрут боюнча блок-поезддерди үзгүлтүксүз каттатууга негиз түзөт.