Үй АНАЛИТИКАИран армиясы АКШнын Иордания жана Кувейттеги базаларына дрондор менен сокку урду

Иран армиясы АКШнын Иордания жана Кувейттеги базаларына дрондор менен сокку урду

by Kanykey

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Кувейт жана Иорданиядагы АКШнын аскердик объекттерине ийгиликтүү сокку урулганын билдирди.

Маалыматка караганда, Кувейттеги ок-дары кампаларына жана Иорданиядагы күйүүчү май сактоочу жайларга сокку урулган.

«Дрондор Аль-Удайри лагериндеги ок-дары кампасына, Али аль-Салем авиабазасындагы штаб имаратына жана ок-дары сактоочу жайга, ошондой эле Кувейттеги бир нече байланыш түйүндөрүнө чабуул жасады», — деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Ал-Удайри лагери АКШ күчтөрүнүн негизги камсыздоо жана кайра уюштуруу борборлорунун бири болуп саналат. Ал эми Али ас-Салем авиабазасы АКШнын Перс булуңу аймагындагы эң ири аба операцияларын колдоо жана координациялоо борборлорунун бири катары эсептелет.

Ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иорданиядагы АКШнын аскердик объекттерине да ийгиликтүү сокку урулганын маалымдады.

«Дрондор Иорданиядагы Аль-Азрак базасындагы күйүүчү май сактоочу резервуарларга да сокку урду», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Аль-Азрак авиабазасы өзүнүн стратегиялык жайгашуусу, өнүккөн инфраструктурасы, заманбап аскердик техникасы жана Вашингтондун ири инвестицияларынын аркасында АКШнын аймактагы эң маанилүү аскердик базаларынын бири болуп эсептелет.

АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңы чыңалуу 8-июлда башталган. Америкалык күчтөр Ирандын объектилерине бир катар соккуларды урган. Вашингтон бул аракеттерине Иран Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерге кол салды деген жүйө келтирген. Буга жооп катары ирандык күчтөр АКШнын Жакынкы Чыгыштагы  базаларына сокку урган.

Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп ок атууну токтотуу келишими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирип, Иран портторуна кайрадан блокада жарыялаган.

Иран АКШ аймактын иштерине кийлигишүүсүн токтотмоюнча, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамы жабык болорун жарыялаган.

Чыр-чатактын кайра күчөшү тараптар жаңжалды токтотууну караган меморандумга кол койгондон болгону үч жума өткөндөн кийин орун алды.