Үй КАБАРЛАРДүйнөИран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Калибаф Иракка сапары менен келди

Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Калибаф Иракка сапары менен келди

by Kanykey

Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Калибаф Ирактын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушуу өткөрүү үчүн Багдадга келди.

Иран ЖМКларынын маалыматтарына ылайык, Калибаф баштаган жогорку даражалуу парламенттик делегация бүгүн, 19-августта Тегерандан Багдадга жөнөп, Ирактын борборуна келди. Сапардын алкагында Ирактын жогорку даражалуу жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Калибаф Багдадга келгенден кийин Ирак парламентинин төрагасынын орун басары Аднан Фейхан жана Ирандын Ирактагы элчиси Мохаммад-Казем Ал-Садек тарабынан тосуп алынды.

Калибафтын Иракка сапарынын алгачкы программасы Ирактын расмий жетекчилери менен жолугушуудан эмес, ирандык генерал Касем Сулеймани менен ирактык командачы Абу-Махди аль-Мухандистин шейит болгон жерине баруудан башталды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Аны менен кошо бир нече офицер жана Ирактын “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да шейит болгон.

Андан соң Иран парламентинин төрагасы Ирактын президенти Низар Иса Амиди менен да жолугушуп, эки тараптуу жана аймактык маанилүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 

1 of 5

Жолугушууда аймактагы акыркы кырдаал, Тегеран менен Багдаддын стратегиялык кызматташтыгын бекемдөө, чек ара коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Калибафтын Иракка сапары Батыш Азиядагы туруктуулук жана коопсуздукту бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоого да багытталган.