Үй КАБАРЛАРИран ТИМи АКШнын өлкөгө каршы санкцияларын экономикалык терроризм деп атады

Иран ТИМи АКШнын өлкөгө каршы санкцияларын экономикалык терроризм деп атады

by Kanykey

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШ бийлигинин Тегеранга каршы экономикалык операция баштагандыгы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Вашингтондун санкцияларын экономикалык терроризм деп атады.

Буга чейин АКШ бийлиги Иранга каршы экономикалык операция башталганын жарыялап, союздаштарын Вашингтонго кошулууга чакырган.

«Албетте, Иранга каршы АКШнын экономикалык санкциялары ар бир ирандык жарандын негизги укуктарына коркунуч келтирип, экономикалык терроризмге жана адамзатка каршы кылмышка тете», — деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ведомство белгилегендей, акыркы бир жарым жыл ичинде болгон эки кагылышуудан кийин киргизилген санкциялар «АКШнын Иранга каршы кылмыштарынын тизмесин» толуктап, өзүнүн натыйжасыздыгын далилдеген саясаттын уландысы болуп саналат. Ошондой эле бул санкциялар Тегерандын өзүнүн көз карандысыздыгын жана эгемендигин коргоого болгон чечкиндүүлүгүнө таасир этпейт.

«Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иран элине карата мыйзамсыз санкцияларды күчөтүү боюнча кадамдарын чечкиндүү түрдө айыптайт жана Иран улуттук кызыкчылыктарын коргоого, коопсуздукту камсыз кылууга жана АКШнын аскердик, саясий жана экономикалык басымына каршы турууга бекем ниеттенгенин баса белгилейт», — деп кошумчалады Ирандын ТИМи.

Министрлик ошондой эле мындай саясаттын кесепеттери үчүн жоопкерчилик АКШ өкмөтүнө жана ушул саясий багытты ишке ашыруучуларга жүктөлөрүн билдирди.