Иран Украина Каспий деңизинде Ислам Республикасына таандык соода кемесине сокку урганын билдирип, аны айыптады. Тегеран чабуулга жооп берүү укугун өзүндө калтырарын эскертти.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 25-июль күнү эртең менен Каспий деңизинде ирандык соода кемесине Украина тарабынан чабуул жасалган. Соккунун натыйжасында кемеде жарылуу болуп, бир деңизчи каза таап, дагы бир адам жаракат алган.
«Бул кол салуу БУУнун Уставынын 2-беренесинин 4-пунктун бузуу жана согуштун жалынын андан ары күчөтө турган агрессия актысы болуп саналат», – деп айтылат министрликтин Telegram каналындагы билдирүүсүндө.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкө өзүнүн кызыкчылыктарын жана улуттук коопсуздугун коргоо маселесинде чечкиндүү аракет кыларын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Тегеран эл аралык укуктун негизги принциптерине, анын ичинде мыйзамдуу өзүн-өзү коргоо укугуна ылайык жооп кайтаруудан тартынбай турганы белгиленди.
Иран тарап мындай аракеттердин кесепеттери үчүн жоопкерчилик Киевге жана аны колдогон тараптарга жүктөлөрүн билдирди.
Иран Киевдин аракети жоопсуз калбай турганын билдирип, Украинанын Тегерандагы убактылуу өкүлүн чакырды
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Каспий деңизиндеги коммерциялык кемеге жасаган соккусуна жооп кайтарарын билдирди.
“Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүлөрдө мен бул Киевдин оппортунистинин аракеттери жоопсуз калбай турганын баса белгиледим”, – деп жазган ал X соцтармактагы баракчасына.
Ирандын тышкы иштер министри ошондой эле Израиль Украинаны мындай кадамга түртүп, Европаны Иран менен болгон согушка аралаштырууга аракет кылып жатат деген пикирин билдирди.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Аракчи Кая Каллас менен телефон сүйлөшүүсүндө Европа Биримдигин Каспий деңизинде ирандык соода кемесине жасалган чабуулга реакция кылууга чакырып, Украинанын чабуулун «кескин жана шартсыз» айыптаган.
Ал чабуулду уюштургандарды жана ага көмөктөшкөндөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Мындан тышкары, Ирандын тышкы иштер министри БУУнун Коопсуздук Кеңешин, Европа биримдигин жана эл аралык коомчулукту бул окуяга тиешелүү реакция кылууга чакырды.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Киевдин Каспий деңизинде ирандык кемеге кол салуусунан кийин Украинанын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырганын Press TV телеканалы маалымдады.
Иран ТИМи окуяны эл аралык укуктун нормаларын бузуу катары баалап, Украина тараптан түшүндүрмө талап кылды.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын мындай аракеттери аймактагы чыңалууну мындан ары да күчөтүшү мүмкүн экенин эскертти. Тегеран Киевдин аракеттеринин мындан аркы кесепеттери үчүн Украина жана аны колдогон тараптар жоопкерчилик тарта турганын билдирди.
Ошол эле учурда Иран өзүнүн улуттук коопсуздугун жана мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо үчүн эл аралык укуктун чегинде жооп кайтаруу укугун өзүндө калтырарын дагы бир жолу белгиледи.