Үй ЭлдикКазакстан 16 жашка чейинки балдардын соцтармак колдонушуна тыюу салууга даярданууда

Казакстан 16 жашка чейинки балдардын соцтармак колдонушуна тыюу салууга даярданууда

by Kanykey

Казакстанда 16 жашка чыга элек колдонуучулардын социалдык тармактарда катталуусуна мыйзамдык деңгээлде тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев мугалимдердин август конференциясында билдиргенин казак ЖМКлары жазды.

«Өкмөт тарабынан 16 жашка чыга элек колдонуучулардын социалдык тармактарда катталуусуна тыюу салууну караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Курултайдын биринчи сессиясынын ачылышында депутаттарга бул маселени кароону сунуштайм», — деди президент.

Анын айтымында, 2018-жылы кабыл алынган «Балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзам азыркы шартта кайра каралып, ага олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.

«Социалдык тармактар, санариптик платформалар, жасалма интеллект жана агрессивдүү маркетинг балдардын дүйнө таанымына үй-бүлө жана мектеп сыяктуу эле олуттуу таасир этүүдө. Өсүп келе жаткан муундун психологиялык бакубаттуулугу, эмоционалдык туруктуулугу жана адеп-ахлактык тарбиясы өлкөнүн улуттук коопсуздугунун жана туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү факторлоруна айланды», — деди Токаев.

Токаев ушундай эле чаралар буга чейин бир катар өнүккөн өлкөлөрдө да кабыл алынганын белгиледи.

«Менимче, бизге да кесепеттерди жоюудан коркунучтардын алдын алууга өтө турган мезгил келди. Болбосо бул коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп баса белгиледи президент.

Анын айтымында, өкмөт балдарды коргоо максатында интернеттеги контентти чыпкалоо боюнча чараларды көрүшү керек.

«Бир катар белгилүү жана объективдүү себептерден улам бул маселеде ата-энелердин жоопкерчилигине гана таянууга болбойт. Ошондуктан балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга жардам бере турган милдеттүү балдар үчүн SIM-карталарды киргизүүзү кеңейтүүнү тапшырам», — деп жыйынтыктады Токаев.

Буга чейин Казакстанда балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн чектөө маселеси каралып жатканы маалымдалган. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр онлайн-платформалардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин жөнгө салууну, ошондой эле 16 жашка толо элек жарандардын социалдык тармактарда катталуусуна тыюу салууну карайт.