Үй Редактордун тандоосуКытай Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга көмөктөшүүгө даяр

Кытай Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга көмөктөшүүгө даяр

by Kanykey

Кытай Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга көмөктөшүүгө даяр.

Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пекинде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушууда билдиргенин Ирандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Кытай министри өлкөсү чыңалууну басаңдатууда, диалогду колдоодо жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту орнотууга көмөктөшүүдө роль ойноого даяр экенин белгиледи.

Иран ТИМинин маалыматына караганда, Кытайдын тышкы иштер министри эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого кызыкдар экенин билдирген.

Өз кезегинде Аббас Аракчи Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы жаңжал тууралуу айтып жатып, Иран «иран элинин укуктарын камсыз кылган дипломатиялык чечимдерди колдой турганын» белгилеген.

«Биз аймакта тынчтыкты калыбына келтирүүгө жана коңшу өлкөлөр менен достук жана тынч мамилелерди түзүүгө умтулуп жатабыз», — деди Аракчи.

Кытай Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын Йемендин аймагына жайылышына каршы чыкты. Ошондой эле Кытай жетекчилиги АКШ менен Иранды 17-июнда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумун аткарууга кайтып келүүгө жана Ормуз кысыгындагы кеме каттамын мурдагы режимде калыбына келтирүүгө чакырды. Пекин Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттердин уланышы эч кимдин кызыкчылыгына жооп бербей турганын белгиледи.

«Биз аймактагы чыңалуунун Йеменге жана Кызыл деңизге жайылышын каалабайбыз. Бардык тараптарды кырдаалды татаалдаштырбоого, көйгөйлөрдү диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө чакырабыз», — деди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И.

Пекин согуш башталгандан бери Иран тарабынан жарым-жартылай бөгөттөлүп келген Ормуз кысыгындагы кеме каттамын кайра жандандырууну жактады. Иран тарап коңшулаш Оман менен бул маанилүү деңиз жолунда кеме жүрүшүн уюштуруу боюнча пландын негизги багыттарын макулдашкан. Бирок азырынча келишимге айрым өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

«Биз бардык тараптарды Ормуз кысыгын мүмкүн болушунча тез арада ачуу, эл аралык деңиз жолдорунда кемелердин тоскоолдуксуз жана коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык ресурстарды эл аралык ташуунун жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп белгиледи Кытайдын тышкы иштер министри.

Ван И АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик аракеттердин уланышы жаңжалга катышкан тараптардын да, эл аралык коомчулуктун да жалпы кызыкчылыктарына жооп бербей турганын белгиледи.

«Биз Иран менен АКШны акыл-эстүүлүккө жана сабырдуулукка чакырабыз. Алар мүмкүн болушунча тез арада Исламабадда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумун аткарууга кайтып келиши керек», — деди Ван И.

Аббас Аракчинин Кытайга болгон сапары — Жакынкы Чыгышта АКШ менен Израилдин операциясы 28-февралда башталгандан бери анын экинчи сапары болду. Ирандык министрдин Пекинге буга чейинки сапары ушул жылдын май айында болгон.