Үй АНАЛИТИКАThe Atlantic: Иран менен согуш АКШнын ондогон жылдардан берки үстөмдүгүнүн аяктаганын көрсөттү

The Atlantic: Иран менен согуш АКШнын ондогон жылдардан берки үстөмдүгүнүн аяктаганын көрсөттү

by Kanykey

The Atlantic журналы акыркы баяндамасында АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулуна токтолуп, бул согуш Ирандын бир катар багыттардагы күчүн бекемдеп, аймактагы АКШнын союздаштарынын ортосунда ажырым жаралганын белгилеген.

Баяндамада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган АКШнын глобалдык үстөмдүк доору күтүүсүз түрдө жана баарынын көз алдында аяктаганы айтылат.

Анда белгиленгендей, акыркы алты айдын ичинде АКШ дүйнөдөгү эң мыкты аскердик техникага, мыкты даярдыктан өткөн күчтөргө, дүйнөлүк аскердик базалар тармагына жана дипломатиялык союздарга ээ болгонуна карабастан, арзан ракеталар жана дрондор менен куралданган Иранды жеңүүгө бул мүмкүнчүлүктөр жетишсиз экенин көрсөткөн.

АКШнын фундаменталдык күчү тууралуу мурдагы түшүнүк союздаштарды ишенимдүү кылып, каршылаштарын токтотуп келген. Бирок азыр бул түшүнүк өзүнө ашыкча ишенүүгө алып келип, АКШ армиясын арзан жана массалык түрдө өндүрүлгөн куралдар алдында алсыз абалга калтырганы айтылат.

Иран дагы эле турат

1980-жылдан бери АКШнын мурдагы президенти Жимми Картердин доктринасы Перс булуңунан мунайдын эркин агымын камсыз кылууга кепилдик берген. Ирандын айланасында жайгашкан америкалык базалар бул өлкөнүн жетекчилерин аскердик аракеттерден коркутуп келген.

Бирок азыр Иран дагы деле өз ордунда турат. Бул өлкөнүн жогорку даражалуу жетекчилери өлтүрүлүп, америкалык коргонуу системаларынан өтүп кеткен ракеталык жана дрондук чабуулдар көптөгөн объектилерди иштен чыгарганына карабастан, Иран каршылыгын улантууда.

Март айында АКШнын 17 аскердик базасына жана объектилерине сокку урулган. Алардын арасында Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун штабы да болгон.

Баяндамада бул маанилүү базанын жоготулушу АКШнын деңиз күчтөрүнүн операцияларын олуттуу үзгүлтүккө учуратып, логистикалык камсыздоону 2000 чакырым алыстыкта жайгашкан Диего-Гарсия аралына чейин жылдырууга мажбур кылганы айтылат. Бул чыгымдардын көбөйүшүнө, натыйжалуулуктун төмөндөшүнө жана деңиз аскерлеринин моралдык абалынын начарлашына алып келгени белгиленет.

Иранга каршы согуштук аракеттерди улантуу үчүн АКШ Батыш Тынч океан аймагындагы маанилүү аскердик жабдууларын башка жакка чыгарууга аргасыз болгон. Ошондой эле «Жорж Вашингтон» авиа ташуучу кемеси Япониядан Араб деңизине жөнөтүлгөн.

Баяндамада бул кадам Кытайды кармап туруу боюнча АКШнын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла алсыратканы айтылат.

Иран менен согуш ошондой эле АКШнын маанилүү ок-дары корлорун, анын ичинде THAAD системаларынын, Patriot кармоочу ракеталарынын жана Tomahawk канаттуу ракеталарынын запастарын азайткан. Материалда өндүрүштүн азыркы ыргагы сакталган учурда бул запастарды кайра калыбына келтирүүгө бир нече жыл талап кылынары айтылат.

АКШнын өндүрүштүк артыкчылыгынын начарлашы

The Atlantic басылмасы АКШнын өндүрүштүк артыкчылыгынын төмөндөшү жаңы көрүнүш эмес экенин, бирок бул процессти АКШнын үстөмдүк кылган доорунун аякташын түшүнүүнүн негизги факторлорунун бири катары кароого болорун белгилейт.

Басылманын маалыматына ылайык, АКШ мурда жарандык өндүрүш көлөмү боюнча башка державалардан ашып келген. Бирок азыр өлкөдө жарандык кеме куруу тармагы дээрлик жок.

Ошол эле учурда Кытай дүйнөдөгү кемелердин болжол менен 50 пайызын өндүрөт жана дүйнөлүк дрон өндүрүшүнүн 80 пайызына көзөмөл кылат деп айтылат.

АКШга болгон дүйнөлүк ишенимдин азайышы

Баяндамада Трамптын администрациясы союздаштык мамилелерди чыңдоонун ордуна, көптөн берки союздаштарын “башкалардын эсебинен күн көргөндөр” жана түйшүк жараткан тараптар катары карары айтылат.

Анда Трамптын Түштүк Кореяны сынга алып, Ким Чен Ынды мактаганы, Европадан алыстап, Орусияга жакындаганы, атүгүл Канаданы аннексиялоо менен коркутканы белгиленет. The Atlantic бул кадамдар АКШга болгон дүйнөлүк ишенимдин кыйла төмөндөшүнө алып келгенин жазат.

Мындан улам өлкөлөр АКШнын жаңыдан ачыкка чыккан алсыз жактарына жараша өз саясатын өзгөртүп жатышат: Пакистан, Түркия жана Сауд Аравиясы жаңы коргонуу келишимине кол коюшканы, Оман жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр Иран менен жакындашып жатканы, Түштүк Корея Кытай менен мамилесин жакшыртып жатканы жана европалык мамлекеттер өз алдынча коргонуу альянсын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылат.

АКШ доорунун аякташы

Баяндамада АКШ өкмөтү көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна аларды жашырып жатат деген пикир айтылат. Ошондой эле Пентагондун кызматкерлерин калпты аныктоочу тесттен өткөрүү чаралары колдонулуп жатканы белгиленет.

Тарыхтагы бардык улуу державалар акыры алсырап, кулаган, ал эми бир глобалдык доордон экинчисине өтүү адатта ошол учурдун өзүндө ачык байкала бербейт. Бирок Америка доору аяктады жана өлкөнүн дүйнөлүк үстөмдүгүн өнөр жай базасы, курал-жарак запастары, союздаштар жана “эс алган күчтөр” болбосо мындан ары дүйнөлүк үстөмдүктү сактап калуу мүмкүн эмес экенин айдан ачык.