Лондондогу Улуттук неврология жана нейрохирургия ооруканасында (NHNN) дүйнөдө биринчи жолу мээнин шишигин алып салуу операциясы жасалма интеллекттин (ЖИ) катышуусунда жүргүзүлдү. Бул тууралуу Лондон университетинин колледж ооруканасынын (UCLH) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жасалма интеллект операциянын жүрүшүн реалдуу убакыт режиминде видеодон талдап, хирургга мээнин маанилүү түзүмдөрүн жабыркатпоого жана бейтаптын көрүүсүн сактап калууга жардам берген.
«Татаал нейрохирургиялык операция учурунда нейрохирургга реалдуу убакыт режиминде жардам берүү үчүн жасалма интеллектти биринчи жолу колдонуу мээнин шишиги алынган бейтаптын көрүүсүн сактап калууга өбөлгө түздү», — деп айтылат оорукананын сайтындагы билдирүүдө.
Бейтап 48 жаштагы Рис Хибберт болгон, анын көрүүсүнө коркунуч туудурган, болжол менен 11 миллиметрлик гипофиз шишиги бар болчу жана ал сокурдукка алып келиши мүмкүн эле. Оорукананын маалыматына ылайык, операциядан кийин бейтаптын көрүүсү кыйла жакшырган. Бир нече күндөн кийин ал таяксыз жана көз айнексиз баса алган.
Операция учурунда жасалма интеллект мээнин түбүндөгү маанилүү түзүмдөрдү — гипофизди, кан тамырларды жана көрүү нервдерин — реалдуу убакыт режиминде белгилеп көрсөтүп турган. Бул хирургдар тобуна операция учурунда так чечимдерди кабыл алууга жардам берген.
Долбоордун техникалык жетекчиси София Бано билдиргендей, система жүздөгөн хирургиялык операциялардын видеолору аркылуу үйрөтүлгөн. Анын негизинде ЖИ адамдын анатомиясын, хирургиялык аспаптарды жана ткандардын бири-бири менен болгон байланышын тааный алат.
Дарыгерлер келечекте бул системаны башка татаал нейрохирургиялык операцияларда да колдонууну пландап жатышат.