АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы ачык экенин жана Вашингтон аны көзөмөлдөп турганын дээрлик күн сайын айтып жатканына карабастан, маалыматтар акыркы күндөрү бул аймакта мунай ташуучу танкерлерге байма-бай сокку урулганын көрсөтүүдө.
Иран ЖМКларынын маалыматтарына караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү кеме каттамдарынын эрежелерин сактабаган кемелерди аныктап, дээрлик күн сайын бирден танкерди бутага алган.
Деңиздеги кыймылга байкоо жүргүзгөн MunchOSINT аккаунту Улуу Британиянын деңиз күчтөрүнүн маалыматына таянып, төрт күндүн ичинде Кувейтке таандык эки жана Бириккен Араб Эмираттарына таандык үч мунай ташуучу танкерге сокку урулганын билдирди. 2-октябрда дагы эки танкер бутага алынгандан кийин, беш күн ичинде сокку урулган танкерлердин саны жетиге жеткен.

Буга чейин Иран тарабынан Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарын көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн Перс булуңу иштери боюнча башкармалык (PGSA) акыркы күндөрү кысыкта бир нече кемеге чабуул жасалганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркаган кемелердин арасында Бириккен Араб Эмираттарына таандык же ушул өлкөнүн компаниялары тарабынан жалданган үч кеме да бар.
Башкармалыктын билдирүүсүндө, иликтөөнүн жыйынтыгында AL RUWAIS, SINBAD жана MERSIN PROSPERITY аттуу танкерлер акыркы эки айдын ичинде Ормуз кысыгы аркылуу бир нече жолу өтүүгө аракет кылганы аныкталганы белгиленген.
Ошондой эле мекеме аталган үч танкердин аталышы кысыктагы кеме каттамдарынын эрежелерин сактабаган кемелердин жаңыланган тизмесине киргизилгенин маалымдаган.
Башкармалыктын эскертүүсүнө ылайык, бул тизмеге киргизилген кемелердин Ормуз кысыгы аркылуу кийинки өтүүлөрүнө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Аларга айып пул салуу, кемелерди кармоо же конфискациялоо сыяктуу чаралар көрүлүшү ыктымал.