Үй Редактордун тандоосуСадыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

by Kanykey

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.