2026-жылдын башынан бери өлкөнүн калкы 228 миң 434 адамга көбөйдү.
1-июлга карата Түркиянын калкы 86 миллион 320 миң 602 адамга жетти.
Түркиянын Статистика институту (TÜİK) ар үч айлык мезгилдин негизинде түзүлгөн калктын саны боюнча мезгилдүү статистикалык маалыматтарды жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында өлкөнүн калкы 86 миллион 92 миң 168 адамды түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында калктын саны 228 миң 434 адамга көбөйгөн. Ал эми 1-майдан 1-июлга чейинки мезгилде калктын саны дагы 123 миң 904 адамга өскөн.
Ошентип, 1-июлга карата Түркиянын калкы 86 миллион 320 миң 602 адамга жетти.
Эркектердин үлүшү 50,01 пайызды же 43 миллион 170 миң 975 адамды, ал эми аялдардын үлүшү 49,99 пайызды же 43 миллион 149 миң 627 адамды түздү.