«Согуш Каспийге чейин жетти, бирок беш мамлекеттин биргелешкен жообу дагы деле жок».
Мындай тынчсыздандыруучу жыйынтыкка Каспий стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Александр Караваев Ирандын жүк ташуучу кемесине жасалган чабуулду комментарийлеп жатып келди. Анын айтымында, деңиз акваториясындагы чабуулдар эми өзүнчө окуя болбой, аймак үчүн системалуу көйгөйгө айланып бара жатат.
Эксперт эксклюзивдүү маегинде Киев эмне себептен соккулардын географиясын кеңейтип жатканын, Каспийдеги жана Новороссийскидеги чабуулдар Казакстандын экономикасына кандай коркунуч жаратарын, ошондой эле эмне үчүн «Каспий бештиги» азырынча бирдиктүү коргонуу планын иштеп чыга албай жатканын түшүндүрдү.

— Жакында Украина Каспий деңизинде Ирандын кемесине сокку урду. Бул окуя Каспий аймагындагы күчтөрдүн тең салмагына жана коопсуздук деңгээлине кандай таасир этиши мүмкүн?
— Украина Каспий аймагына экинчи жылдан бери сокку уруп келе жатат. Астрахань облусунун порттук аймактарына жасалган чабуулдардан башталган. Андан кийин Россиянын Каспийдеги секторундагы «Лукойлдун» мунай өндүрүү инфраструктурасына соккулар жасала баштаган. Ал эми былтыр сентябрь айынан тартып Новороссийскидеги деңиз терминалдарындагы эл аралык “Каспий куур консорциуму” (КТК) инфраструктурасына мезгил-мезгили менен чабуулдар жасалып келет.
Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү Каспийде жасады деп билдирилген аракеттердин баары эле көз карандысыз булактар тарабынан тастыкталган эмес. Бул жерде аскердик пропаганданын фактору да бар. Ошого карабастан, деңиздеги реалдуу коопсуздук деңгээли кыйла төмөндөдү. Ирандын кургак жүк ташуучу кемеси менен болгон окуя мунун дагы бир далили. Башкача айтканда, согуш Каспийге чейин жетти деп айтууга болот.
Чынында, мындай нерсе күтүлгөн эле. Анткени Кара деңиз-Каспий аймагы Кара деңиз флоту менен Каспий флотилиясынын бирдиктүү оперативдүү-стратегиялык бирикмесинин жоопкерчилик аймагына кирет. Кара деңизде согуштук аракеттер кандай мүнөздө өрчүп жатпасын — Россиянын пайдасынабы же узакка созулган кагылышууга айланабы — бул сөзсүз түрдө Каспийдеги кырдаалга да таасирин тийгизет.
Грозныйдын үстүндө абадан коргонуу системаларынын иштешинин натыйжасында Актауда Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашы Каспийдин үстүндөгү согуштук аракеттердин алгачкы олуттуу көрүнүштөрүнүн бири болду. Бирок ага карата азыркыга чейин биргелешкен реакция иштелип чыккан жок.
Ал тургай саясий реакциянын деңгээлинде да бирдиктүү позиция байкалбайт. Мисалы, Россиядан тышкары Иран тарапка тынчсыздануусун билдирип, кургак жүк ташуучу кемеден жана экипаж мүчөсүнөн айрылганына байланыштуу көңүл айткан жалгыз өлкө — Түркмөнстан болду. Бул жана башка жагдайлар деңиздеги жалпы коопсуздук мейкиндиги дагы деле бөлүнүп-жарылып жатканын кыйыр түрдө көрсөтүп турат.
Азербайжан менен Казакстан коопсуз кеме жүрүшүн жана мунай өндүрүү платформаларын коргоо маселелеринде Россия жана Иран менен координациядан алыс болууну каалашат. Белгилүү бир деңгээлде алар Киевдин активдүүлүгүнөн кооптонуп турушат.
Астана соккуларга жол берилбестиги тууралуу кезектеги “дежур ноталарды” чыгарып, балким, америкалык өнөктөштөрү, анын ичинде КТК боюнча «Chevron» компаниясы менен жабык дипломатиялык консультацияларды өткөрүп жаткан болушу мүмкүн.
Ал эми Баку өзүнүн аскер-деңиз күчтөрүн өнүктүрүү пландарына гана басым жасап, жакынкы союздаштары — Түркия жана Пакистан менен аракеттерин координациялап жатат. Учурдагы тенденциялар коопсуздук чөйрөсүнүн начарлап бара жатканын көрсөтүүдө.
— Мунай-газ инфраструктурасына жана транспорттук маршруттарга жасалган соккуларды Киевдин жаңжалды географиялык жактан кеңейтүү боюнча жаңы стратегиясы катары кароого болобу? Бул аймактагы өлкөлөр үчүн узак мөөнөттүү кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?
— Кыязы, чындыгында ошондой болуп жатат. Киев Россиянын союздаштарына каршы тышкы операцияларды өз желеги астында да, ар кандай прокси күчтөр аркылуу да кеңейтүүгө даяр. Ошондой эле жеке аскердик компаниялардын механизмдери да колдонулары айдан ачык. Мунун баары мезгил-мезгили менен Каспий аймагына терс таасирин тийгизет.
Коркунучтуу жагы, бул аракеттер аймактык экономикалык комплекстерди бузууга гана эмес, диверсиялар жана башка «жалган желек» алдында операциялар аркылуу «Каспий бештигинин» ичиндеги ички карама-каршылыктарды күчөтүүгө да багытталышы мүмкүн.
Айрыкча бул Азербайжан менен Түркмөнстандын деңиздеги өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу багытта өтө сезимтал болушу мүмкүн. Анткени ал жерде буга чейин эле татаалдыгы ар кандай болгон бир катар жашыруун жана чечилбеген көйгөйлөр бар. Андан тышкары, мындай тобокелдиктер кеме жүрүүгө, түтүк өткөргүчтөргө жана өндүрүш платформаларына таасир этиши мүмкүн.
— Украиналык дрондор жакында эле ишин кайра жандандырган Казакстандын КТК мунай инфраструктурасынын объектилерине да сокку урган. Мындай аракеттер Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди канчалык күчөтөт?
— Биринчиден, КТК өтө чоң көлөмдөгү мунайды ташый турганын белгилей кетели: өлкөнүн мунай экспортунун 80% жана дүйнөлүк күнүмдүк мунай менен камсыздоонун дээрлик 2%. Жай айларында Казакстандын мунай өндүрүүсү суткасына 2 миллион баррелге чейин жетет.
Ошол эле учурда Казакстанда мунай куурунун иши токтоп калган учурда колдонуу үчүн стратегиялык мунай запастарын сактоо боюнча резервдер жок. Экспорттун баары дээрлик түздөн-түз өндүрүлгөндөн кийин ташылып кетет.
Келечекте техникалык жактан Казакстандын болжол менен 5 миллион тонна мунайын кабыл ала ала турган Баку–Жейхан мунай кууру, Россия аркылуу Германияга кеткен «Дружба» мунай кууру же мунайды темир жол цистерналары менен жөнөтүү сыяктуу альтернативалар бар. Бирок бул варианттардын эч бири КТКнын негизги экспорттук маршруту үчүн түзүлгөн физикалык инфраструктураны түп-тамырынан өзгөртө албайт.
Мындан тышкары, Актаудан Бакуга танкерлер менен жөнөтүлгөн мунайдын көлөмүнө дээрлик барабар көлөмдөгү мунай танкерлер аркылуу Махачкалага, андан ары Новороссийск багытына жөнөтүлөт.
Түркмөнстандын мунайы Баку–Тбилиси–Жейхан мунай куурунда казакстандык мунайга караганда көбүрөөк экенин да көпчүлүк эстей бербейт. Түркмөнстан үчүн Азербайжан аркылуу өтүүчү маршрут экспортту диверсификациялоодо маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан алар Астананын кызыкчылыгы үчүн гана аракет кылып кетишпейт. Каспий аркылуу кыска мөөнөттө ташуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн танкерлердин саны да жетиштүү эмес.
— Сиздин оюңузча, окуяга Каспийдин жээгиндеги мамлекеттер — Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Россия кандай реакция кылышы мүмкүн? Бул окуя Каспийдеги коопсуздук жаатындагы координацияны күчөтүүгө алып келиши мүмкүнбү?
— Азырынча эч кандай реакция жок. 2025-жылдын октябрь айында Санкт-Петербургда «Каспий бештигине» кирген мамлекеттердин Аскер-деңиз күчтөрүнүн командирлеринин төртүнчү жолугушуусу өткөн. Андан ары «Каспий деңизиндеги аскер-деңиз тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумду» иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишин кайра жандандыруу тууралуу резолюция кабыл алуудан башка иш алга жылган жок.
Август айында Тегеранда VII Каспий саммитин өткөрүү пландалууда. Анда бул маселелердин баары талкууланары анык. Бирок азырынча саммиттин өзү өтөбү же жокпу, аны өткөрүү убактысын, балким, ордун жылдырууну каалашабы белгисиз. Негизи Тегеран Ашхабаддан же Москвадан саммитти өткөрүү үчүн аянтча берүүнү сурашы мүмкүн. Мындай практика бар.
— Эгер мындай соккулар үзгүлтүксүз болуп калса, Каспий деңизи Кара жана Кызыл деңиздер сыяктуу эл аралык чыңалуунун дагы бир аймагына айланышы мүмкүнбү? Бул бүтүндөй аймак үчүн кандай саясий жана экономикалык кесепеттерге алып келет?
— Мындай соккулардын үзгүлтүксүз болушу сөзсүз шарт эмес. Бирок алар эки айда бир жолу эле кайталанып турса дагы, муну үзгүлтүксүздүк деп эсептөөгө болот. Маселе — Каспийдин акваториясын, үстүнкү катмарын жана тереңдиктерин биргелешип көзөмөлдөө боюнча катышуучулар үчүн түшүнүктүү жана ачык-айкын болгон жамааттык механизмдер иштелип чыкмайынча, мындай окуялар улам кайталана берет. Анын үстүнө, барган сайын татаалыраак техникалар колдонулушу мүмкүн.
Каспийде үчүнчү күчтөргө таандык экипажсыз катерлердин, суу алдындагы дрондордун жана жардыргыч заттарды жеткирүүнүн башка техникалык каражаттарынын пайда болушу мүмкүн. Мындай соккулардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, алар аймактагы улуттук коопсуздук системаларын кыйгап өтүп, жашыруун түрдө жасалышы мүмкүн. Мындай курал-жарактар салынган бир контейнер адамдын катышуусуз эле жетиштүү болот. Айрым учурларда жардыргыч заттар абадан да ташталышы мүмкүн.
Мындай окуяларды жүз пайыз алдын алуу мүмкүн эмес. Бирок мындай соккулардын болуу ыктымалдыгын азайтууга болот. Практика жүзүндө флоттордун өз ара аракеттенүүсү үчүн эки оперативдүү, флагмандык топ түзүүгө болот:
- Россия–Иран тобу — кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;
- Россия–Казакстан тобу — ага чектеш жоопкерчилик аймактарындагы мунай өндүрүү платформаларын, ошондой эле КТКнын Каспийдеги кендерден Новороссийскидеги терминалдарга чейинки бүтүндөй коридорун коргоо үчүн.
- Тиешелүүлүгүнө жараша, Азербайжан менен Түркмөнстан да убакыттын өтүшү менен бул топтордун ишине кошула алышмак.
Маектешкен: Азиз Пиримкулов