Үй КАБАРЛАРДүйнөХуситтер Сауд Арабиясынын эки мунай танкерине чабуул жасашты. Видео

Хуситтер Сауд Арабиясынын эки мунай танкерине чабуул жасашты. Видео

by Kanykey

Йемендеги хуситтер Кызыл деңизде Сауд Арабиясына таандык Encela жана Laylia аттуу эки мунай танкерине чабуул жасашканын билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Хуситтердин айтымында, аталган кемелер алар жарыялаган деңиз блокадасын бузган.

Кыймыл чабуулда дрондорду, ошондой эле баллистикалык жана канаттуу ракеталарды колдонгон. Хуситтер ошондой эле 10го жакын кемени артка чегинүүгө мажбурлай алганын баса белгилешти.

Улуу Британиянын Деңиз соодасы операцияларын координациялоо борбору (UKMTO) окуя боюнча билдирүү түшкөнүн маалымдады. Маалыматка ылайык, окуя Сауд Арабиясынын Аль-Шукайк шаарынан түштүк-батышка карай болжол менен 70 деңиз мили аралыкта болгон. Танкердин капитаны кемеге снаряд тийгенин билдирип, анын кесепетинен бортто өрт чыкканын, экипаж өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын кабарлаган.

Агенттиктин булагы билдиргендей, Encelia танкеринин экипажы УКВ-радиобайланышы аркылуу жардам сурап сигнал жөнөткөн. Алар Сауд Арабиясынын Жизан портунун тышкы чек арасына жакын жерде кеме ракета менен аткыланып, анын кесепетинен бортто өрт чыкканын билдиришкен.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1549147236756328%2F&show_text=false&width=668&t=0

Деңиз коопсуздугу боюнча британиялык Vanguard компаниясы Сауд Арабиясынын желеги алдында сүзүп жүргөн танкерге белгисиз снаряд оң капталынан тийгенин тактады. Окуя Аль-Шукайк шаарынан түштүк-батышка карай болжол менен 70 деңиз мили аралыкта катталган.

Эске салсак, 20-июлда хуситтер Сауд Арабиясына каршы деңиз блокадасын жарыялашкан. Алар падышалыкты Йемендин мунай ресурстарын кошкондо өлкөнүн улуттук байлыктарын көп жылдан бери талап-тоноого айыпташкан.

Ал эми Эр-Рияд баштаган араб коалициясы 21-июлда Баб-эль-Мандеб кысыгында соода кемелерин коргоо боюнча чараларды ишке ашыра баштаганын билдирген. Коалициянын расмий өкүлү Турки аль-Малики деңиздеги кеме жүрүшүнө болгон бардык коркунучтарга «чечкиндүү жана катуу жооп кайтарыларын» айтып, хуситтердин аракеттерин деңиз каракчылыгы катары баалаган.