Үй АНАЛИТИКАШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

ШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

by Kanykey

Шанхай кызматташтык уюму алгач коопсуздук максатында түзүлгөн, бирок кийинчерээк анын мүчөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин да күн тартибине киргизген. Аймактагы өлкөлөр үчүн коопсуздук маселесинин өзгөчө маанилүүлүгүн, ошондой эле коопсуздук менен экономиканын бири-бири менен тыгыз жана ажырагыс байланышта экенин эске алуу менен, уюмдун расмий жана байкоочу мүчөлөрүнүн саны тез арада өстү. Бүгүнкү күндө Иран Ислам Республикасы да бул уюмда мүчөлүктүн эң жогорку деңгээлинде, башкача айтканда, расмий мүчө катары орун алган.

АКШнын дүйнө жүзү боюнча улам күчөп бараткан ашкере талаптары, Иранга каршы уюштурулган аскердик аракеттердин натыйжасында Ормуз кысыгындагы энергия ташуу тармагында үзгүлтүктөрдүн жана көйгөйлөрдүн жаралышы, ошондой эле АКШнын Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөргө каршы жүргүзүп жаткан тарифтик согуштары шартында ШКУнун аймактык коопсуздукту түзүү жана бекемдөө процессине активдүү катышуусунун мааниси өзгөчө чоң.

Иран ШКУдан дал ушуну күтөт. Бул маселе президент Масуд Пезешкиандын саммиттеги сөзүндө да өзгөчө белгиленди. Анда Иран Ислам Республикасы ШКУ коопсуздук тармагындагы институт катары Перс булуңундагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттери менен жоопкерчиликтерин олуттуу түрдө аткарып, кыйла чечкиндүү позицияны карманат деп күтүп жатканы баса белгиленди.

Жалпысынан алганда, ШКУнун Батыш Азиядагы коопсуздукту камсыз кылууга жоопкерчиликтүү мамиле кылышы — Перс булуңунда гана эмес, АКШнын үстөмдүк кылууга умтулуусуна каршы турууда, ошондой эле Батыш Азиянын бүтүндөй аймагында, анын ичинде Израилдин Газа секторундагы кылмыштары жана бүгүнкү күндө палестиналыктардын башына түшүп жаткан оор кайгы-кырсыктарга байланыштуу — Иран Ислам Республикасынын негизги талаптарынын жана күтүүлөрүнүн бири болуп келген. Бул багытта уюмдун ролун күчөтүп, активдүүрөөк иш алып барышы зарыл.

Бул саммит ошондой эле Иран президентине Иран Ислам Республикасынын ага таңууланган согушка жана кысымдарга карата позициясын кеңири түшүндүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Анын сөзүндө АКШнын бир тараптуу саясаттары сынга алынып, ШКУ көп тараптуу мамилеге тезирээк өтүшү керектиги белгиленди. Ошондой эле АКШнын бир тараптуу аракеттерине, өзгөчө экономикалык тармакта жана доллардын наркын жана үстөмдүгүн төмөндөтүү аракеттерине каршы олуттуу чара көрүү зарылдыгы айтылды.

Бул маселелер менен катар Масуд Пезешкиандын саммитке катышкан жогорку даражалуу жетекчилер менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуулары, анын ичинде Россиянын презденти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу өзгөчө мааниге ээ болду. Бул жолугушууда, ошондой эле ШКУга мүчө башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдөй эле, Путин АКШнын Иранга каршы мыйзамсыз санкцияларына байланыштуу Орусия сөзсүз түрдө Иран Ислам Республикасын колдой турганын жана бул санкциялардын өз максатына жетишине жол бербей турганын белгиледи.

ШКУнун башка мүчөлөрү да ушул багытта ар кандай билдирүүлөрдү жасашты. Мындан тышкары, бул саммитте Ирандын Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр менен мамилелерин өнүктүрүү маселеси да Пезешкиан менен ШКУга мүчө мамлекеттердин кесиптештеринин ортосунда талкууланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуу жана эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо да бул саммиттин дагы бир оң жагы болду.

Ал эми экономикалык багытта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан сунуштаган үч маанилүү демилге төмөнкүлөрдү камтыйт: «биргелешкен банк түзүү», «камсыздандыруу түзүмүн түзүү» жана «ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңири пайдалануу жана кызматташтыкты күчөтүү».

Бул үч сунуш абдан чоң мааниге ээ. Эгер ШКунун катчылыгы бул маселеге көңүл буруп, сунуштарды колдогон уюмга мүчө мамлекеттер бул багытта олуттуу кадамдарга барышса, анда экономикалык тармакта да АКШнын дүйнөдөгү бир тараптуу саясатына каршы турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан маанилүү окуялардан улам ШКУнун саммитинин өткөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ болду. Алардын катарында АКШнын Перс булуңундагы согуштук аракеттери, Израилдин Батыш Азиядагы кылмыштары, Израилдин коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Сирияга жасаган чабуулдары, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн көп тараптуу экономикалык кызматташууга өтүү боюнча сунуштары бар.

Бул сунуштар энергетикалык соода, туризм жана улуттук валюталарды пайдалануу аркылуу банк тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү сыяктуу маанилүү багыттарды камтыйт.

Бир тараптуу мамиледен көп тараптуу кызматташтыкка өтүү мезгилинде ШКУнун саммити сыяктуу жыйындардын өткөрүлүшү жана Ирандын бул жолугушууларга активдүү катышуусу келечектеги дүйнөлүк тартипке, өзгөчө аймактагы кырдаалга чечүүчү таасирин тийгизиши мүмкүн.

Автор: ирандык эксперт Мохсен Пакаин