Үй КАБАРЛАРНурсултан Назарбаев эми «Елбасы» эмес. Конституциялык сот чечим кабыл алды

Нурсултан Назарбаев эми «Елбасы» эмес. Конституциялык сот чечим кабыл алды

by Kanykey

Бул тууралуу Конституциялык соттун расмий сайты кабарлады.

Конституциялык сот бул чечим “2022-жылы 5-июнда өткөн референдумдун натыйжасына жана Казакстан калкынын эркине негизделип чыгарылганын” белгилейт.

Конституциялык сот токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирерин жана даттанууга жатпай турганын маалымдады.

Былтыр декабрда мажилис “Туңгуч президент – Елбасы” тууралуу Конституциялык мыйзамдын күчүн жоюу жараянын баштаган. 2000-жылы кабыл алынган мыйзам мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген. Мыйзамга ылайык, Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт.

Назарбаев 2019-жылы кызматтан кетип, өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеп калган. 2022-жылдын январында массалык нааразылыктар баш аламандыктарга айланып, кандуу окуяга айланган учурда бул кызматын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.