3
Ишемби күнү эртең менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында автожол көпүрөсүнүн бир бөлүгү урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен «Казинформ» агенттиги билдирди.
— Чжашуй уездиндеги Шанлуо шаарында жайгашкан көпүрө жума күнү кечки саат 20:40тар чамасында капыстан жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен урап калганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар дарыяга кулап кеткен беш унааны табышты. Учурда куткаруу иштери уланууда.
Сизди кызыктырышы мүмкүн