Үй КАБАРЛАРМаск: Украина Россия басып алган аймактарын кайтара албайт

Маск: Украина Россия басып алган аймактарын кайтара албайт

by Kanykey

Америкалык ишкер Илон Маск Украинадагы жаңжал Россия үчүн белгилүү бир жеңилдиктерсиз аякташы мүмкүн эмес деген пикирин билдирди. Бул тууралуу ал The Economist журналына берген маегинде айтты.

Масктын айтымында, Россия өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетет деген көз караш чындыкка дал келбейт.

«Россия өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетет деген негизсиз оптимизм өтө көп. Бул реалдуу эмес. Менимче, кырдаалга практикалык көз караш менен кароо керек», — деди ал.

Ал ошондой эле согуш жүрүп жаткан учурда дипломаттардын мамилесин сынга алды.

«Мени алдыңкы сапта адамдар каза болуп жатканда кымбат ресторандарда жети түрдүү тамактан турган кечки тамактарды жеп отурган дипломаттардын Россия сөзсүз аскерлерин чыгарып кетиши керек деп узун сөз сүйлөгөнү катуу кыжырдантат. Бирок Россия аскерлерин чыгарып кетпейт. Ал артка чегинбейт», — деп билдирди Маск.

Маск көптөн бери Россия менен Украинанын жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүнү жактап келерин эске салды.

«Бир нече жыл мурда мен Россияга белгилүү бир жеңилдиктерди берүү керек экенин жазгам. Бул мен Россияны колдогонум үчүн эмес, жөн гана кырдаалга практикалык көз караш менен караганым үчүн. Болбосо адамдар дагы көп жылдар бою каза боло беришет жана эч кандай жыйынтык болбойт. Дал ушундай болду», — деди ал.

Ошондой эле Маск: «Украина бул аймактарды кайра кайтарып ала албайт. Бул болбойт», — деп кошумчалады.