Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынытында кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.
1 of 5
Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
КР Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
Эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
Эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргыстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.