Үй АНАЛИТИКАЭксперт: Сауд Аравиясы Иракка АКШнын басымынан улам сокку урду

Эксперт: Сауд Аравиясы Иракка АКШнын басымынан улам сокку урду

by Kanykey

АКШ Сауд Аравиясына олуттуу басым көрсөтүп, падышалыкты Иракка сокку урууга түрткөн. Бирок Эр-Рияд аймактагы чыңалуунун күчөшү жакшы нерсеге алып келбей турганын түшүнөт.

Бул тууралуу Жакынкы Чыгыш боюнча адис Фархад Ибрагимов РИА Новости агенттигине билдирди.

«Сауд Аравиясына АКШ тарабынан абдан олуттуу басым көрсөтүлдү деп ойлойм. Эр-Рияд Иранга же аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө каршы жооп кайтарууну акыркы учурга чейин создуктуруп келди. Анткени алар Иран менен согушуу падышалыкка эч кандай жакшылык алып келбей турганын түшүнүшөт. Бирок америкалыктар дал ушул Сауд Аравиясынан кандайдыр бир аракет күтүп жатышкан», — деди эксперт.

Ибрагимовдун айтымында, Сауд Аравиясы Иран менен чоң согушту каалабайт. Өлкө жетекчилиги аймактагы согуш аракеттеринин уланышы кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин жакшы түшүнөт.

«Саудиялыктар Иран кошуна экенин, ал эми АКШ океандын ары жагында экенин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан Иран сыяктуу коңшу менен, албетте, жакшы мамиледе болгон оң», — деп баса белгиледи эксперт.

Иракка жасалган чабуулдун чоо-жайы. “Хашд аш-Шааби” жооп даярдап жатат

29-июлга караган түнү АКШ менен Сауд Аравиясы Ирактын жети провинциясында, анын ичинде Багдадда, каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн штабдарына соккуларды жасаган. Сауд Арабиясынын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Турки аль-Малики падышалыктын куралдуу күчтөрү АКШнын Борбордук командачылыгы менен биргеликте Ирактагы буталарга “так соккуларды” жасаганын жарыялаган.

Эр-Рияд соккулар Ирактын аймагынан анын мунай объектилерине кол салуу аракеттерине жооп катары жасалганын билдирген. Ошол эле учурда Эр-Рияд аймактагы чыңалуунун күчөшүнө кызыкдар эместигин белгилеген.

Ирактын Элдик мобилизация күчтөрү — «Хашд аш-Шааби» соккуларга катыштыгын четке какты. Алардын маалыматына ылайык, Сауд Аравиясынын соккуларынан кеминде 20 адам каза болуп, дагы 32 адам жаракат алган.

Ирактын президенттик администрациясы болсо, Сауд Арабиясы менен АКШнын өз аймагындагы “Хашд аш-Шааби” тобуна кол салуусун “эгемендүүлүктү ачык бузуу” жана “өлкөнүн расмий коопсуздук мекемелерине кол салуу” катары баалады.

Багдад ошол эле учурда Ирактын аймагын коңшу мамлекеттерге каршы агрессия жасоо үчүн пайдаланууга каршы экенин билдирди.

“Биз Ирактын аймагын коңшу өлкөлөргө каршы агрессия үчүн плацдарм же арена катары колдонууга каршы бекем позициябызды кайталайбыз”, – деп баса белгиленет билдирүүдө.

Ирак бийлиги бардык тараптарды өлкөнүн эгемендүүлүгүн сыйлоого жана анын коопсуздугу менен туруктуулугуна зыян келтире турган аракеттерден баш тартууга чакырды.

«Хашд аш-Шааби» кыймылы Ирактын өкмөтүнө АКШ менен Сауд Арабиясынын соккуларына жооп кайтаруу үчүн 6-августка чейин убакыт беришти. Болбосо, алар мөөнөт өткөндөн кийин өздөрү жооп кайтаруу соккуларын башташат.

Буга чейин Ирактын Улуттук коопсуздук кеңеши чабуулга байланыштуу шашылыш жыйын өткөрүп,  өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана Ирактын эгемендүүлүгүн бузуунун алдын алуу, ошондой эле коңшу өлкөлөргө коркунуч туудуруунун алдын алуу үчүн комплекстүү план иштеп чыгуу чечимин кабыл алган. Кеңеш Тышкы иштер министрлигине Сауд Арабиясынын жана АКШнын Ирактын аймагына жасаган чабуулдарынын кесепеттерин документтештирүүнү тапшырган.