Үй КАБАРЛАРВашингтон штатында токойдогу өрттөн улам 60 миңге жакын адам эвакуацияланды

Вашингтон штатында токойдогу өрттөн улам 60 миңге жакын адам эвакуацияланды

by Kanykey

АКШнын Вашингтон штатындагы Спокан аймагында уланып жаткан токой өрттөрүнүн кесепетинен 600дөн ашуун имарат күйүп кетип, 60 миңге жакын адам коопсуз жайларга эвакуацияланды.

NBC News телеканалынын маалыматына ылайык, учурда Спокан аймагында 15 токой өртү катталып, жалын болжол менен 101 миң гектар аймакты каптады.

Өрт азырынча толук көзөмөлгө алына элек. Аларды өчүрүү иштери улантылууда.

АКШнын Улуттук аба ырайын болжолдоо кызматы (NWS) шамалдын ылдамдыгы саатына 56 чакырымга чейин жетип, абанын нымдуулугу төмөн болгондуктан, өрттүн андан ары жайылуу коркунучу жогору бойдон калып жатканын билдирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Спокан аймагынан 60 миңге жакын адам эвакуацияланып, 600дөн ашуун имарат пайдаланууга жараксыз абалга келген.

Спокан шаарынын мэри Лиза Браун маалымат жыйынында бул кырдаалды «аймак тарыхындагы эң ири табигый кырсык» деп мүнөздөдү.

Вашингтон штатынын губернатору Боб Фергюсон АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, Трамп токой өрттөрүнөн жабыркаган тургундарга колдоо көрсөтөрүн билдирген.

1-августта губернатор Фергюсон ири масштабдагы токой өрттөрүнө байланыштуу Вашингтон штатынын бардык аймагында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.