Европада быйыл ысыктан каза болгондордун саны 20 миңге жакындады.
Адамдардын ишмердүүлүгүнөн улам келип чыккан климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн көптөгөн аймактарында абанын температурасынын жогорулашына алып келүүдө. Бул өз кезегинде адамдардын өлүмүнүн көбөйүшүнө жана айыл чарбасы, транспорт, энергетика жана эмгек рыногу сыяктуу тармактарда экономикалык жоготуулардын өсүшүнө себеп болууда.
Дүйнөлүк орточо температура өнөр жай революциясына чейинки деңгээлден 1,3 градустан ашык жогорулаган шартта ысык толкундары мурдагыга караганда бат-баттан кайталанып, күчөп жана узакка созулууда. Быйыл өзгөчө Европада ысык күтүлгөндөн эрте башталды.
Бул жайдагы экстремалдуу ысык дүйнөдө эң ылдам ысып жаткан континент болгон Европада дээрлик 20 миң адамдын өмүрүн алды. Германияда быйыл жогорку температурадан 9 800дөн ашык адам каза болуп, алардын басымдуу бөлүгүн 75 жаштан жогорку адамдар түздү.
Франция июнь айындагы ысык толкуну 5 700 адамдын өмүрүн алганын билдирди. Улуу Британияда быйыл төрт жолу өзүнчө аномалдуу ысык катталып, анын кесепетинен каза болгондордун саны 2 877 адам деп бааланууда.
АКШда июль айында 40 миллиондон ашык адамга экстремалдуу ысык тууралуу эскертүү берилген. Өлкөдө ысыкка байланыштуу 25 өлүм катталган. Быйылкы жылдын биринчи жарымы АКШнын байкоо тарыхындагы эң ысык экинчи мезгил болду.
Түштүк Кореяда май айынын ортосунан тартып ысыктан улам 2 025 адамдын ден соолугуна зыян келип, 19 адам каза болду. Японияда 20–26-июль күндөрүндөгү ысык толкунда 18 600 адам ооруканага жаткырылып, алардын 45и көз жумду. Өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска жетти.
Токиодогу эң ири Тама зоопаркында үч арстан ысык соккудан өлдү.
Климаттын өзгөрүшү токой өрттөрүнө ыңгайлуу шарт түзүүдө
Акыркы жылдары глобалдык жылуулуктун күчөшү жай айларын токой өрттөрү үчүн өзгөчө кооптуу мезгилге айлантты.
Мэриленд университетинин маалыматына ылайык, 2001–2022-жылдары токой өрттөрү жоголгон токой аянттарынын 27 пайызын түзсө, 2023–2025-жылдары бул көрсөткүч 43 пайызга чейин өстү. Азыр токой өрттөрүнөн жоголгон токой аянты 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү.
Адам факторунан улам келип чыккан климаттын өзгөрүшү экстремалдуу ысыкты күчөтүп, токой өрттөрүнүн чыгышына жана алардын тез жайылышына ыңгайлуу шарт түзүүдө.
Эл аралык World Weather Attribution илимий демилгесинин акыркы талдоосуна ылайык, климаттын өзгөрүшү Франциядагы кыйраткыч токой өрттөрүнө алып келген экстремалдуу аба ырайынын ыктымалдыгын кеминде эки эсеге, ал эми Испанияда 20 эсеге жогорулаткан.
Европанын токой өрттөрү боюнча маалыматтык системасынын (EFFIS) маалыматы боюнча, быйыл Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө өрттөнгөн жерлердин аянты 460 миң гектардан ашты. Эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн катарына Испания менен Франция кирет.
Жогорку температуранын таасири күчөткөн токой өрттөрү Түркия, Греция, Марокко, Тунис, Нигерия жана Канада сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө катталды. Бир гана Канадада быйыл өрттөн болжол менен 6 миллион гектар жер күйүп кетти. Бул өлкөнүн тарыхындагы токой өрттөрүнөн келген зыяндын көлөмү боюнча үчүнчү эң ири көрсөткүч болуп эсептелет.
Токойлорду жок кылуудан тышкары, өрттөр жапайы жаратылышка да олуттуу коркунуч жаратууда.
Ысыктан келип чыккан экономикалык жоготуулар өсүүдө
Глобалдык жылуулуктун азыркы деңгээлинде экстремалдуу жогорку температура таасир этпеген күнүмдүк турмуш тармагы дээрлик калган жок. Ысык кургакчылыкты күчөтүп, айыл чарба өндүрүшүнүн жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, транспорт системасындагы үзгүлтүктөргө жана экономикалык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Улуу Британиядагы ECIU аналитикалык борборунун баалоосу боюнча, июнь айындагы ысык толкун Европада дан эгиндеринин түшүмүнүн азайышынан болжол менен 2 миллиард евро өлчөмүндө зыян алып келген болушу мүмкүн.
Бул жоготуулардын төрттөн үч бөлүгү Франция менен Венгрияга туура келет. Экстремалдуу ысык буудай менен жүгөрүнүн өсүшүнүн алгачкы баскычында таасир эткендиктен, Францияда дан эгиндеринин түшүмү боюнча болжол 4,1 миллион тоннага кыскартылган. Бул жоготуунун экономикалык наркы болжол менен 891 миллион евро деп бааланууда.
Венгрияда дан эгиндеринин жоготуусу 2,4 миллион тоннаны түзүп, анын наркы болжол менен 444 миллион еврого барабар болгон.
ECIU мындай жоготуулар Европанын импортко болгон көз карандылыгын күчөтүп, Түштүк жарым шардагы түшүмдүн жыйынтыгына жараша жылдын аягында дүйнөлүк чийки зат бааларынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин эскертет.
Июль айы Улуу Британиядагы байкоо тарыхындагы эң кургак ай болду
Лондон экономика мектебиндеги Грэнтем климат жана айлана-чөйрөнү изилдөө институту менен Евро-Жер Ортолук деңизи климаттын өзгөрүшү борборунун биргелешкен талдоосуна ылайык, июнь айындагы ысык толкун Улуу Британиянын экономикасына болжол менен 1,5 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген.
Жоготуулар негизинен ысыктан улам уйкунун бузулушу жана ден соолук көйгөйлөрү, жумуш убактысынын кыскарышы жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшү менен байланыштуу болгон.
Ошол эле учурда Улуу Британиянын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги өлкөнүн аймагынын жарымында кургакчылык жарыялады. Июль айы Англиядагы байкоо тарыхындагы эң кургак ай болуп калды. Кургакчылыктан улам бакчаларды сугарууга чектөөлөр киргизилди.
Жаанчыл климаты жана кеңири жашыл аймактары менен белгилүү болгон Улуу Британиянын айрым аймактарында өсүмдүктөр куурап, жергиликтүү ландшафт кургак аймактарга окшош көрүнүшкө айланды.
Францияда экстремалдуу ысык өлкөнүн стратегиялык инфраструктурасына да басым жасады. Экологиялык тобокелдиктерден улам үч атомдук реактордо электр энергиясын өндүрүү убактылуу токтотулду.
Европадагы эң маанилүү соода жолдорунун бири болгон Рейн дарыясында суунун деңгээли рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү. Кургакчылык күчөгөн сайын жакынкы апталарда анын деңгээли мындан ары дагы төмөндөшү күтүлүүдө.