Израилде Кнессетке кезектеги шайлоого 71 күн калганда, талапкерлер үгүт иштерин башташты. 27-октябрда белгиленген шайлоонун алдында талапкерлер үч жылга созулган согуштан жана ар кандай фронттордогу ийгиликсиздиктерден кийин шайлоочулардын колдоосуна ээ болууга аракет кылууда.
Бул арада Израилдин премьер-министри, «Ликуд» партиясынын лидери Биньямин Нетаньяху акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарын тынчсыздануу менен байкап жатат. Сурамжылоолордо шайлоого жакындаган сайын атаандаш саясий күчтөрдүн талапкерлери алдыга чыгып жатканы көрсөтүлгөн.
«Ликуд» партиясы жүргүзүп жаткан акыркы үгүт ыкмаларынын бири — Израилдин жашоочуларын Каршылык көрсөтүү огу жана Израилдин адамзатка каршы кылмыштарын сындаган күчтөр менен коркутуу аркылуу Нетаньяхунун шайлоодогу позициясын бекемдөөгө аракет кылуу.
Ушул максатта партия шаарлардагы билборддорго Ирандын Жогорку лидери аятолла Сейед Можтаба Хаменеи, «Хезболланын» башкы катчысы Наим Касем, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана АКШнын Мичиган штатындагы Сенатка шайлоодо Израилге каршы позициясы менен белгилүү Демократиялык партиянын талапкери Абдул Сайеддин сүрөттөрүн жайгаштырган.
Чоң билборддордо: «Алар Нетаньяхунун шайлоодо жеңилишине кызыкдар. Алардын жеңишине жол бербегиле», — деген жазуу түшүрүлгөн.