Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи эки тараптуу кызматташтыктын алкагында соода-экономикалык тармакты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
Бул тууралуу Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер ишемби күнү Тегеранда Тажикстандын делегациясынын жумушчу сапарынын алкагында жолугушту.
«Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин, соода-экономикалык жана тармактык кызматташтыкты, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкууладык», — деп айтылат Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин сайтындагы билдирүүдө.
Тараптар энергетика тармагындагы кызматташтык маселелерин да карашты. Өзгөчө көңүл Ирандан Тажикстанга мунай заттарын жана чийки мунайды жеткирүүнү уюштурууга бурулду.
Министрлер аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашты.
Иран Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн катарына кирет.
Тажик тараптын маалыматына ылайык, 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 438 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 28 пайызга өскөн.