Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышууну пландап жатат.
Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Президенттин катышуусу пландалууда», — деди Песков журналисттерге.
Орусия президентинин бул саммитте Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу күтүлүп жатабы деген суроого Песков эки тараптуу жолугушуулардын графигин талкуулоо али эрте экенин билдирди.
Бишкекте 30–31-август күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ошондой эле 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Бул иш-чараларга байланыштуу Кыргызстанга 21 мамлекеттин башчылары келери күтүлүүдө.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин негизги жыйыны 1-сентябрда Бишкекте өтөт. ШКУга учурда он мамлекет кирет: Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.
ШКУга мүчө он мамлекеттин өкүлдөрү июль айында Чолпон-Атада өткөн ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышып, даярдыктын негизги темасы мамлекет башчыларынын Бишкектеги жолугушуусу болгон.