Сауд Аравиядагы Saudi Aramco компаниясына таандык мунай объектилерине йемендик хуситтер тарабынан сокку урулду. Бул тууралуу иран ЖМКлары жазышты.
Сауд Аравиясынын Энергетика министрлиги билдиргендей, бүгүн таңга маал Йемендин күчтөрү өлкөнүн түштүгүндөгү энергетикалык объектилерге чабуул жасап, анын кесепетинен айрым объектилерде өрт чыгып, алардын иши убактылуу токтотулган.
Чабуулдар учурунда Абха шаарындагы Saudi Aramco мунайды кайра иштетүүчү заводу бутага алынган. Ошол эле учурда Абха аэропортуна да сокку тийгени жана Сауд Аравиясынын түштүк аймактарында жардыруулардын үнү угулганы тууралуу маалыматтар тарады.
Бул Сауд Аравиясынын мунай объектилерине 48 саатка жетпеген убакыт ичинде жасалган үчүнчү чабуул болуп калды.
Июль айында хуситтер менен Сауд Аравиясынын ортосунда өз ара соккулар кайрадан күчөгөн. Хуситтер Сауд Аравиясына таандык кемелерге деңиз блокадасын жарыялап, Кызыл деңизде саудиялык мунай танкерлерине чабуул жасашкан.
Кийинчерээк хуситтер Сауд Аравиясынын аймагындагы Saudi Aramco компаниясынын объектилерине да сокку урганын билдиришкен.