Үй ДайджестГренландия жана Антарктида акыркы 70 жылда 12,5 триллион тонна музун жоготту

Гренландия жана Антарктида акыркы 70 жылда 12,5 триллион тонна музун жоготту

by Kanykey

1979-жылдан бери Гренландия менен Антарктиданын муз катмарлары болжол менен 12,5 триллион тонна музун жоготкон. Бул тууралуу Scientific Data журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат. Изилдөөгө Associated Press басылмасы да шилтеме кылган.

Муз жоготуулар ар бир он жылдыкта күчөп, өзгөчө 2010-жылдары кыйла тездеген. Окумуштуулардын баамында, муздун жоголушунун болжол менен 80 пайызы абанын температурасына эмес, жылуураак океан сууларынын таасирине байланыштуу. Жылуу океан суулары мөңгүлөрдү астынан жана капталдарынан эритип, алардын океанга карай агып түшүшүн тездетет.

Мындай көлөмдөгү муздун жоголушу буга чейин дүйнөлүк океандын деңгээлинин болжол менен 3,1 сантиметрге көтөрүлүшүнө алып келди. Изилдөөчүлөр муз массасынын мындан ары да азайышы деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө салым кошо берерин эскертишет.

Изилдөө 27 спутниктин маалыматтарына жана 45 көз карандысыз изилдөөгө негизделген. 1970–1980-жылдары жана 1990-жылдардын башында муз катмарлары салыштырмалуу туруктуу болгон. Бирок андан кийин муздун эриши тездей баштаган.

2020–2023-жылдары байкалган кыска мөөнөттүү тыныгуу, авторлордун пикиринде, аба ырайындагы убактылуу өзгөрүүлөргө байланыштуу болгон жана узак мөөнөттүү тенденциянын өзгөргөнүн билдирбейт. Учурда муздун жоголуу ылдамдыгы кайрадан күчөп жатканы байкалууда.