АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Омандын өкүлдөрү менен жолугуп, Иранга байланыштуу кырдаалды талкуулоону көздөп жатат. Бул тууралуу АКШ президенти Axios порталына берген маегинде билдирди.
Порталдын маалыматына караганда, америкалык лидер БУУдагы жолугушууну аймактагы өнөктөштөрүнөн Иран менен болгон согушка байланыштуу мындан аркы кадамдар тууралуу түздөн-түз маалымат алуу үчүн пайдалангысы келерин ачык билдирген.
«Мен алардын азыркы абалы кандай экенин жана иштери кандай жүрүп жатканын билгим келет. Биз аларга дайыма кам көрүп келгенбиз», — деди Трамп Сауд Аравиясы, БАЭ, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Оман тууралуу сөз кылып жатып.
Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында жогорку деңгээлдеги жалпы саясий дебаттар мамлекет жана өкмөт башчыларынын, ошондой эле тышкы иштер министрлеринин катышуусунда 22–26-сентябрь жана 28-сентябрь күндөрү өтөт.
Axios Американын аскердик базалары жайгашкан Перс булуңундагы өлкөлөр Иран менен болгон согуш учурунда ири масштабдуу чабуулдарга дуушар болуп, мунай жана газ экспортунун үзгүлтүккө учурашынан улам олуттуу экономикалык зыянга учураганын белгилейт.