Израилдин АКШдагы элчиси Йехиэль Лейтердин уулу Нерия Лейтер Иордан дарыясынын Батыш жээгинде Израиль армиясынын өткөрмө бекетин автоунаа сүзүп кеткенден кийин оор жаракат алды.
The Jerusalem Post басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын жараны Нерия Лейтер Израиль армиясында резервдик кызмат өтөп жаткан.
Окуя Израилдин Модиин шаарына жакын жайгашкан өткөрмө бекетте болгон. Автоунаа өткөрмө бекетти сүзүп кирип, ошол жерде турган Лейтер оор жаракат алган. Ал Иерусалимдеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Учурда ал дарыгерлер тарабынан жасалма уйку абалында кармалып жатат.
Автоунаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон.
The Times of Israel басылмасынын маалыматына ылайык, кол салган адам коңшу Бейт-Ур-эт-Тахта палестиналык айылынын жашоочусу, 29 жаштагы Махмуд Мухаммед Слиман болгон.