Үй Редактордун тандоосуПутин: Иран элинин баатырдыгына бүт дүйнө суктанып жатат. Видео

Путин: Иран элинин баатырдыгына бүт дүйнө суктанып жатат. Видео

by Kanykey

Орусиянын президенти Владимир Путин Иран элинин баатырдыгына, ошондой эле Ислам Республикасынын жетекчилиги менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлдөрүнүн Ирандын келечеги үчүн өздөрүн курмандыкка чалууга даярдыгына бүт дүйнө суктанып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал «Валдай» эл аралык талкуу клубунун жыл сайын өтүүчү XXIII жыйынынын пленардык отурумунда сүйлөп жатып айтты.

«Бүт дүйнө болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып, Иран элинин эрдигине, баатырдыгына жана туруктуулугуна суктанууда. Ошондой эле мамлекеттик башкарууда жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун куралдуу күчтөрүндө эң жогорку деңгээлдеги кадрдык резервдин бар экени таң калтырат. Алардын арасында өз элинин келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр адамдар бар», — деди Путин.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1780611136304611%2F&show_text=false&width=660&t=0

«Валдай» эл аралык талкуу клубу — саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттерин бириктирген уюм. «Валдай» клубу Орусиянын жана эл аралык интеллектуалдык, саясий элиталардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзгөн дүйнөдөгү алдыңкы аянтчалардын бири болуп саналат.