Йемендик “Ансаруллах” кыймылы Сауд Аравиясынын Медина шаарынын үстүнөн канаттуу ракета кармалып, жок кылынганы тууралуу билдирүүсүн четке кагып, бул маалыматты жалган деп атады.
Хуситтердин басма сөз катчысы, бригадалык генерал Яхья Сари 15-октябрда Сауд Аравиясынын аймагына каршы эч кандай операция жүргүзүлбөгөнүн билдирди.
Ал Сауд Аравиясынын Медина шаарына чабуул жасалганы тууралуу билдирүүсүн «толугу менен жалган маалымат» деп мүнөздөдү.
Буга чейин Сауд Аравиясы башында турган араб коалициясынын өкүлү, генерал-майор Турки аль-Малики 15-октябрда өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Медина шаарынын үстүнөн канаттуу ракетаны кармап, жок кылганын билдирген.
Хуситтер буга чейин Сауд Аравиясынын аэропорттору кооптуу экенин эскертип, аларга учуу тобокелдик жаратарын айткан. Ошол эле учурда хуситтер Мекке жана Медина шаарларындагы ыйык жайлардын аба мейкиндигин өз операцияларынын алкагына киргизбей турганын билдирген.
Йемендин “Ансараллах” кыймылынын көзөмөлүндөгү аймактын президенти Мехди аль-Машат Сауд Аравиясына каршы жүргүзүлүп жаткан чабуулдарды «акылга сыярлык жана негиздүү аракеттер» деп атап, алардын максаты Йеменге каршы агрессияны жана блокаданы токтотууга мажбурлоо экенин белгилеген.
Анын айтымында, Йеменге каршы 12 жылдан бери уланып келе жаткан аскердик аракеттерди жана блокаданы токтотуу, өлкөнүн улуттук ресурстарын кайтарып алуу жана бардык чет элдик күчтөрдү Йемендин аймагынан чыгаруу күрөштүн негизги максаттары болуп саналат.
Ошол эле учурда “Аль-Маядин” телеканалынын Йемендеги кабарчысы Сауд Аравиясынын учактары акыркы сааттарда өлкөнүн бир катар шаарларына абадан сокку урганын билдирген. Маалыматка ылайык, Йемендин куралдуу күчтөрү Сауд Аравиясы тарабынан жасалган 42 аба чабуулун каттаган. Алар негизинен Сана шаарын, Таиз жана Лахж провинцияларын, ошондой эле Майюн аралын бутага алган.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиясы хуситтерге каршы күрөшүп жаткан Йемендин өкмөттүк күчтөрүн колдогон араб коалициясын жетектейт. Коалиция хуситтердин позицияларына абадан сокку уруп келет. Буга жооп катары хуситтер Сауд Аравиясынын инфраструктуралык объектилерине каршы аскердик операцияларды жүргүзүп келишет.